КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-марты № 79 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык, каржылоо булактарын аныктоо максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчөстатусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-мартындагы № 79 токтомуна тиркеме "Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык "Бишкек шаарынын - Кыргыз Рес-публикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын борбору жөнүндө өзүнчө мыйзамдык акт кабылалуу зарылдыгы шексиз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын3-статьясынын 3-пунктуна жана 6-статьясынын 2-пунктуна ылайык Бишкекшаары Кыргыз Республикасынын борбору, республикалык маанидеги шаар бо-луп эсептелет, анын статусу мыйзам менен аныкталууга тийиш. Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бул дол-боор боюнча сунуш-пикирлер бар, алар төмөндө айтылат. 1. Мыйзамдын долбоорунда финансылык-экономикалык эсептөөлөр, жүр-гүзүлгөн илимий жана атайын (мыйзамдык, финансылык-экономикалык ж.б.)экспертизалардын актылары, статистикалык маалыматтар, кабыл алынган ак-тынын аракетинин мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, юридикалык жа-на башка натыйжаларынын божомолу жана долбоордун жоболорун негиздөөүчүн керектүү башка маалыматтар берилген эмес. Бул талап "Кыргыз Рес-публикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 31-статьясына ылайык зарыл. 2. Мыйзамдын долбоорунун аталышында жана кириш сөзүндө "өзгөчө"деген сөздү алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында борбор шаардын өзгөчө статусун жөнгө салуучу Мыйзамкабыл алуу зарылдыгы айтылган эмес. 3. Мыйзамдын долбоорунун 2-статьясында "Кыргыз Республикасынынборборунун статусу - Бишкек шаарынын шаардык бийликти жана өз алдынчабашкарууну, шаардын мамлекеттик бийликтин органдары менен мамилесинуюштуруунун өзгөчөлүктөрүн шарттачу укуктук абалы..." каралган. Сүйлөмдүн мындай контекстинде "шаардык бийлик" деген термин мамле-кеттик органдардыбы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынбы,кайсынысын билдирери түшүнүксүз. Эгер каралып жаткан статьянын экинчисүйлөмүнө жана мыйзам долбоорунун 9-статьясына таянсак, "шаардык бий-лик" деп шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түшүнүү ке-рек. Ушуга байланыштуу "шаардык бийликти жана өз алдынча башкарууну"деген сөздөрдү "шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" де-ген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. Мындан тышкары, шаар менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз арамамилесин караштырган норманын тууралыгына көњүл бурабыз. Ага байланыштуу "шаардын жана мамлекеттик бийлик органдары менен"деген сөздөрдү "шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынмамлекеттик органдар менен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. Бүткүл текст боюнча "мамлекеттик бийлик органдары" жана "шаардыкбийлик" деген сөздөрдү тиешесине жараша "мамлекеттик органдар" жана"шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө ал-маштыруу керек. 4. Мыйзам долбоорунун 3-статьясында бул Мыйзамдын нормалары башкамыйзамдык актылардын нормаларына каршы келсе ушул Мыйзамдын нормаларыжарактуу болот деп белгиленген. Башка мыйзамдык актыларга караганда артыкчылыктуу күчкө КыргызРеспубликасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинде ратификацияланган эл аралык келишимдер ээ экенин белгилеп коюузарыл. Каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын борбору жанареспубликалык маанидеги шаар катары Бишкек шаарынын статусун белгилөөгөжана Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өз-гөчөлүктөрүн жөнгө салууга арналганын эске алып 3-статьяны алып салуунусунуш кылабыз. 5. Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруу системасы бар бирдик-түү унитардык мамлекет экенин жана Кыргыз Республикасынын символдору(герб, туу жана гимн) администрациялык-аймактык бөлүнүшүнө карабастанбирдей экенин эске алып, мыйзам долбоорунун 4-статьясында нормалардыбелгилөө зарылдыгына көњүлдү бурабыз. 6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-статьясын эске алууменен мыйзам долбоорунун 5-статьясынын текстин төмөнкүдөй редакциядаберүүнү сунуш кылабыз: "Бишкек шаарынын аймагы администрациялык-аймактык бирдиктер жөнүн-дө мыйзамга ылайык кабыл алынуучу мыйзамда аныктала турган чектерденкуралат.". 7. Мыйзам долбоорунун 6-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери" деген сөздөрдү Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 12-статьясына ылайык "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жанамыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жанамакулдашуулар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. 8. 7-статьядагы "негизги" деген сөз алып салынсын, "жөнгө салуучу"деген сөздөр "аныктоочу" деген сөзгө алмаштырылсын. 9. Мыйзам долбоорунун 6-статьясында шаар жамаатына аныктама берил-гендиктен 10-статьянын биринчи абзацындагы "калкы" деген сөздү "жамаа-ты" деген сөзгө алмаштырууну сунуш кылабыз. 10. Мыйзам долбоорунун жоболорунда шаардын жергиликтүү өз алдынчабашкаруу системасына ыйгарым укуктарды берүү менен "Өкмөт" деген инсти-туттун иштеши каралган. Бирок бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мазмунуна жанатабиятына), ошондой эле мамлекеттин унитардык түзүлүш маселесин жөнгөсалуучу эл аралык мыйзамдарга каршы келерин айтмакчыбыз. Анын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-статьясын-да жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүүчү органдардын жанакызмат адамдарынын толук тизмеси каралган. Конституциянын башка жоболо-рунда, ошондой эле мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана агабаш ийген органдар менен кошо мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарыкаралган. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун жоболорун Кыргыз Республика-сынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келтирүүнү сунуш кыла-быз. Ушул эле себеп боюнча мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "ат-каруучу-тескөөчү бийлик" деген сөздөрдү "аткаруучу-тескөөчү орган" де-ген сөздөргө алмаштырууну, ал эми округдарды (аймактык округдарды),алардын башкаруу органдарын уюштуруунун, алардын жетекчи курамдарын тү-зүүнүн маселелерин жөнгө салуучу жоболорду алып салууну сунуш кылабыз. 11. Мыйзам долбоорунун 11-статьясынын экинчи бөлүгүн төмөнкүдөйредакцияда баяндоо ылайыктуу болот деп эсептейбиз: "Эгер каралчу маселелердин мүнөзү жабык жыйын өткөрүүнү талап кыл-баса, шаардык кењештин сессиялары ачык өткөрүлөт.". 12. 12-статьяда: - үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы алып салынсын, анткени админист-рациялык-аймактык бирдиктер мыйзам менен аныкталат, же бул абзац төмөн-күдөй редакцияда баяндалышы керек: "- мэрдин сунушу боюнча мэриянын райондук администрацияларына башийген подразделениелерди түзөт жана жоет";" - үчүнчү бөлүгүнүн сегизин-чи абзацы "салык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын; - тексттеги "стратегиялары жана" деген сөздөр Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын 95-статьясынын 3-пунктуна ылайык алып салынсын; - ошондой эле шаардык кењештин ыйгарым укуктарында Бишкек шаардыкжергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мэр ыйгаруучу сыйлыктарын уюшту-рууну караштыруу зарыл деп эсептейбиз. 13. Мыйзам долбоорунун 16 жана 18-статьяларынын жоболорун бирикти-рүүнү же бири-бири менен байланыштырууну сунуш кылабыз. Мында "чакырыпалынган", "бошотулган" деген терминдердин ордуна бир терминди пайдала-нууну сунуш кылабыз. 18-статьянын экинчи абзацы шайлоо укугунун жалпыпринциптерине каршы келүүчү катары алып салынсын. 14. Мыйзам долбоорунун 22-статьясында: - шаар мэринин ыйгарым укуктары, анын ичинде соттордон, прокурор-лордон, улуттук коопсуздук органынын жетекчилеринен башка мамлекеттикоргандардын аймактык подразделениелеринин жетекчилерин дайындоо жанабошотуу боюнча ыйгарым укуктары белгиленет. Бирок "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекет-тик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статья-сынын жоболорун эске алып, кадрларды координациялоонун жана дайындоонунколдонулуп жаткан тартибин сактоону максатка ылайык деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конститу-циясынын 1-статьясынын 10-пунктуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдыккызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктайт. Ушуга байланыштуушаар мэринин шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кыз-маткерлерине эмгек акынын өлчөмүн көбөйтүү жагында ыйгарым укуктарынкайра карап чыгуу максатка ылайыктуу. 15. 23-статьянын биринчи бөлүгүнө төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз: үчүнчү абзацты "шаардык кењештин сессиясынын депутаттардын жалпысанынын добуштарынын үчтөн эки көпчүлүгүнүн макулдугу менен" деген сөз-дөр менен толуктоону; сегизинчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону: "- чет мамлекеттин жарандыгын алган же Кыргыз Республикасынын жа-рандыгынан чыккан учурда;". 16. Ушул корутундунун 2-пунктунда айтылган негиздер боюнча мыйзамдолбоорунун 25-статьясын муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жанажүгүртүү жагында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдына башкаруужана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун финансылык-экономикалык принциптери жөнүндө", "Кыр-гыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө","Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүн-дө" мыйзамдарына ылайык келтирүү максатка ылайык деп эсептейбиз. Мындантышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчтү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардыжана жарандыгы жок, экономикалык иш жүргүзүүчү жана ишкердик кылуучуадамдарды ишке тартуучу юридикалык жана жеке жактар үчүн уруксат доку-менттерди берүүнү шаардын мэриясынын ыйгарым укуктарынан чыгарууну су-нуш кылабыз, анткени "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 14 жана 27-статьяларына ылайык мындай функциялар миграциябоюнча ыйгарым укуктуу органга тапшырылган. 17. Мыйзам долбоорунун 33-статьясынын биринчи бөлүгү Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кењешүүбоюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматкадайындайт жана бошотот деп айтылган 5-пунктчасына каршы келет. 18. Мыйзам долбоорунун 35-статьясында: - долбоордун 35-статьясынын бешинчи абзацын алып салууну сунуш кы-лабыз, анткени ал мыйзам долбоорунун 22-статьясынын биринчи бөлүгүнүнбешинчи абзацынын жоболорун кайталайт; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 69 жана 70-стать-яларына ылайык камкордукка алуучу же көзөмөл кылгандар балдардын укук-тарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистешкен структу-ралык подразделение болгон жана райондук мамлекеттик администрациянынже жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын алдындатүзүлгөн Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан дайында-лат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 35-статьясын алып салууну су-нуш кылабыз. 19. 39-статьянын экинчи абзацы "пайдалангандык үчүн" дегенсөздөрдөн кийин "муниципалдык" деген сөз менен толукталсын, анткениКыргыз Республикасынын Өкмөтү шаарга мамлекеттик эмес, муниципалдыкменчикти пайдалангандык боюнча гана чыгымдарды компенсациялашы мүмкүн. 20. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясына ылайыкКыргыз Республикасы унитардык мамлекет, администрациялык-аймактык бир-дик менен республиканын (Бишкек шаары менен Кыргыз Республикасынын) ор-тосундагы мамиле федерациялык республикага тиешелүү, ошондуктан39-статьянын үчүнчү абзацын, 40-статьянын бешинчи абзацын жана41-статьяны алып салууну сунуш кылабыз. 21. 43-статьянын экинчи бөлүгүнүн онунчу абзацын тактоо максатындатөмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: "Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган ишканалардын ишинен алынган ки-решелер.". 22. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принципте-ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык "Кыр-гыз Республикасынын бюджетке жана финансыга тиешелүү нормативдик укук-тук актылары ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Мыйзамынажана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарынаылайык келүүгө тийиш.". Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 42 жана43-статьяларын Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прин-циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайыккелтирүү зарыл деп эсептейбиз. 23. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принципте-ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында автомобил-дик жолдорду пайдалангандык үчүн салык, автотранспорт каражаттарды кат-тагандык жана кайра каттагандык үчүн жыйым, айлана-чөйрөнү булгагандыкүчүн акы (таштандылар, төгүүлөр жана калдыктарды жайгаштыргандык үчүнакылар менен кошо) республикалык бюджеттин кирешеси болот деп айтылган. Ошондой болсо да, мыйзам долбоорунун 44-статьясында жол фондунунбулактары деп жогоруда айтылган салыктар менен жыйымдарды да белгилөөсунушталган, ал эми 47-статьяда айлана-чөйрөнү булгагандык жана тиричи-ликтик катуу таштандыларды жайгаштыргандык үчүн акы экологиялык фонддунбулагы болот деп белгиленген. 24. 46-статьяда турак жай-коммуналдык фондду түзүүнүн булагы болупурбанизация үчүн жыйым аныкталган. Кыргыз Республикасынын Салык кодек-синде мындай жыйым аныкталбагандыктан, бул кодекстин 205-статьясынаылайык, Салык кодексинде каралбаган жергиликтүү салыктарды жана жыйым-дарды киргизүүгө жол берилбегендиктен, долбоордун аталган статьясынынэкинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз. 25. Мыйзам долбоорунун 49-статьясында "билим берүү жана саламаттыксактоо" деген сөздөрдү "билим берүү, маданият, искусство жана саламат-тык сактоо, ошондой эле тарыхый мааниге ээ муниципалдык менчик объект-тери" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. 26. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-статьясына ылайыкжер жана башка жаратылыштык ресурстар менчиктин жеке, муниципалдык жанабашка формаларында болушу мүмкүн экендигин эске алып, ошондой эле жержөнүндө мыйзамдардын нормаларын бирдей түрдө колдонуу максатында Мыйзамдолбоорунун 51 жана 52-статьяларын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинеылайык келтирүүнү сунуш кылабыз. 27. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-статьясында КыргызРеспубликасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын же жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кабарлоо шарты менен саясийчогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттер-ди тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ экендиги айтылган. Алардыөткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат. Ушуга байла-ныштуу мыйзам долбоорунун 59-статьясынын экинчи абзацын алып салуунусунуш кылабыз. 28. Берилген Мыйзам долбоору боюнча жалпысынан финансылык-экономи-калык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын бөлүш-түрүү жагындагы маселелерди, Мыйзам кабыл алынса республикалык бюджет-тин чыгымдары канча болоорун негиздөө жеткиликсиз экенин белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун берилген негиздемесинде жергиликтүү бюджеттиндүњ салмагынын кирешелердин жалпы көлөмүнө карата динамикасында кийинкижылдарда (2002-2007-жж.) төмөндөө тенденциясы белгиленген. Салык кызма-тындагы болгон маалыматтар боюнча ушул көрсөтүлгөн мезгилде Бишкек шаа-рынын жергиликтүү бюджети боюнча алынган салыктардын суммасы жыл сайын,943,0 млн. сомдон 2275,7 млн. сомго өскөн. Бюджет түзүүчү ишканалардын көбү Бишкек шаарында катталганын, де-мек алар салыктардын жана жыйымдардын негизги суммасын шаардык бюджеткетөгөөрүн эске алуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканынбардык региондорунун керектөөлөрүн каржылашы зарыл жана Бишкек шаарынкаржылоого көбүрөөк өлчөмдү бөлүү башка региондордун каржыланышына терстаасирин тийгизиши мүмкүн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-статья-сына ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган жергилик-түү салыктар жана жыйымдар жана жер салыгы түз эле жергиликтүү бюджеткетүшөт. Ушул нормага жараша, ошондой эле жакын арада жањы Салык кодексинкабыл алуу белгиленип жатканын эске алып, салык маселесин Бишкек шаары-нын статусун жөнгө салуучу мыйзамдык актыга бекитүүнү максатка ылайык-сыз деп эсептейбиз.