КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-марты № 81 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнөн ишкердикти кор-гоону кошумча камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститу-циянын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын адилет министри, Кыргыз РеспубликасынынФинансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын директору жа-на Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарыаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши каралганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайында-лышсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-син: 1. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик органдын кызмат ада-мынын кийлигишүүсү аркылуу экономикалык зыян келтирүү.". 2. 328-1-статьяда: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын өз милдеттерин ат-карбагандыгы"; - биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын кызмат адамы КыргызРеспубликасынын тиешелүү мыйзамдары, пайлык инвестициялык фонддун эре-желери менен аныкталган өз милдеттерин аткарбагандыгы же сактабаганды-гы, -". 3. 328-2-статьяда: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу"; - биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун тартылган акчалай каражаттарын максатсызпайдалануу, -". 4. 328-3-статьяда: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддордун ишиндеги чектөөлөрдүн сакталбагандыгы"; - биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакөрсөтүлгөн чектөөлөргө карабастан жүргүзүшү, -". 5. 328-4-статьяда: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонд анын мүлкүн эсепке алуунун жана сактоонун та-лаптарын бузушу"; - биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун мүлкүнүн эсебин алуу жана сактоо боюнчаКыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагандыгы, агатете эле мүлктү сактоонун жана баалуу кагаздарга укуктарды каттоонунбаалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабы-нан аныкталган тартибин бузуу, -". 6. Төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-глава менен толукталсын: "24-1-глава Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу ишинин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишинин чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар 338-1-статья. Оюн-зоок, камсыздандыруу, лотерея, иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүү Оюн-зоок, камсыздандыруу, лотерея иштерин, мамлекеттик эмес пенси-ялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иш-ара-кет ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөнтартипте бериле турган уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүү, - кызмат адамына элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүн-дө администрациялык айып салууга алып келет. 338-2-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иш-аракет жүргүзүү укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенси-ялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштеринишкердик жүргүзүү укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын эреже-лерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү,- кызмат адамына жыйырмадан жүзгө чейинки, ал эми юридикалык жактар- эки жүздөн мињге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администраци-ялык айып салууга алып келет. 338-3-статья. Туура эмес маалымат берүү Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенси-ялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштеринконтролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамына туура эмес (жалган)маалымат же документтерди берүү же маалымат же документтерди берүүдөнбаш тартуу,- кызмат адамына элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүн-дө администрациялык айып салууга алып келет. 338-4-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылуу Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенси-ялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштеринконтролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоол-дук кылуу, ага тете эле оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мам-лекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган ком-паниялардын субъектинин кызмат адамы тарабынан оюн-зоок, лотерея, кам-сыздандыруу иштеринин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялыкактивдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттикоргандардын кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык милдетин аткарган учур-да таланттарын аткарбагандык же кароосуз калтыргандык,- кызмат адамдарына жыйырмадан жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүнөлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". 7. 400-1-статьяда: - аталышы "мыйзамсыз кийлигишүүсү" деген сөздөрдөн кийин ", мый-замдуу ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деген сөздөр менен толук-талсын; - биринчи абзац "мыйзамдарда каралган" деген сөздөрдөн кийин ",мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деген сөздөр менен то-лукталсын. 8. Төмөнкүдөй мазмундагы 35-2-глава менен толукталсын: "35-2-глава Гидрометеорологиялык иш жөнүндө мыйзамдар тармагындагы администрациялык укук бузуулар 505-11-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн Гидрометеорологиялыкстанциялардын жана посттордун сакталышын бузуу,- кызмат адамдарына он бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөадминистрациялык айып салууга алып келет. 505-12-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик гидрометеороло-гиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу,- кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөадминистрациялык айып салууга алып келет. 505-13-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу тартибинин бузулушу Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрү-нүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу тартибинин бузулушу, - жарандарга үчкө чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмага чейинкиэсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып ке-лет. 505-14-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн бузулушу, жараксыз кылынышы, приборлорду жана жабдууларды талкалоо, уурдоо Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнбузгандык, жараксыз кылгандык, приборлорду жана жабдууларды бузгандык,уурдоо, - жарандарга үчкө чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмага чейинкиэсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып ке-лет. 505-15-статья. Шашылыш гидрометеорологиялык маалымат берүү тартибин бузуу Шашылыш гидрометеорологиялык маалымат берүү тартибин бузуу,- жарандарга үчкө чейинки, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага че-йинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алыпкелет. 505-16-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы божомолдорун жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы божомолдорун жанабашка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу, - жарандарга үчкө чейинки, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чей-инки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып алууга алыпкелет.". 9. 532-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "532-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенси-ялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин,ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган ушулКодекстин 327-338-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу-лар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана адми-нистрациялык жазаларды берүүгө Кыргыз Республикасынын оюн-зоок, лоте-рея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун,пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баа-луу кагаздар базарындагы ишти контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын жетекчиси жана анын орун басары укуктуу". 10. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-2-статья менен толукталсын: "546-2-статья. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууГидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары ушул Кодекстин35-2-главасында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштердикарашат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана адми-нистрациялык жазаларды берүүгө Гидрометеорология боюнча башкы башкарма-лыктын начальниги укуктуу.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти