Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-марты N 94 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы N 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы N 454"Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү жө-нүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуз-дугу боюнча кењеши түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кењештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кењештин тө-рагасынын орун басары. Кењештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетининтөрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы(макулдашуу боюнча)."; - 2-пункттагы "экономика, соода, туризм жана ишкердик" деген сөз-дөр "агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу" деген сөздөрменен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынАзык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши жөнүндө жобонун 5.2-пунктундагы"Кењештин төрагасынын орун басарлары - Кыргыз Республикасынын экономи-калык өнүктүрүү жана соода министри, Кыргыз Республикасынын айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри" деген сөздөр "Кењештин тө-рагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми-нистри" деген сөздөргө алмаштырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов