Редакцияот 28.03.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-марты № 106                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын          жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн         жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым              чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө      Кыргыз Республикасында  чет  өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жокадамдарга патенттерди  жана эмгек ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берүүнүтартипке келтирүү  максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат:     1. Күчүн жоготту деп табылсын.     - "Кыргыз  Республикасында дүњ жана чекене соода жүргүзгөн чет өл-көлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн бел-гилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-январын-дагы № 10 токтому;     - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр-дү жана  толуктоолорду  киргизүү  жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 ток-томунун 88-пункту;     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2007-жылдын  16-июлундагы  №216-б буйругу.     2. Ушул  токтом  кабыл  алынганга чейин жекече ишкердик жүргүзүүчүжана Кыргыз  Республикасында туруктуу жашоого укугу жок чет өлкөлүк жа-рандарга жана  жарандыгы жок адамдарга патенттер Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана  ишке  орноштуруу  боюнча  мамлекеттик комитети тарабынанмурда берилген Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүүгө урук-саты болгон учурда анын колдонулуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө берилерибелгиленсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  Миграция  жана  ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитети ай сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бе-киткен квота  боюнча Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүүгөуруксат алган  чет  өлкөлүк  жарандардын  жана жарандыгы жок адамдардынтизмесин Кыргыз  Республикасынын  Ички  иштер министрлигине жана КыргызРеспубликасынын Салыктар  жана  жыйымдар  боюнча мамлекеттик комитетинеотчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берип турсун.     4. Бул  токтом  расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийинкүчүнө кирет.      Премьер-министр                                        И.Чудинов