Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-марты N 108 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Талас облустук музыкалык-драма театрын Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Маданий тейлөө системасын андан ары өркүндөтүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Талас облустук музыкалык-драма театры Кыргыз РеспубликасынынМаданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги: - бир айлык мөөнөттө Талас облустук музыкалык-драма театрынын Ус-тавын ушул токтомго ылайык келтирсин; - ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу маселелерин чечсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Талас облустук музы-калык-драма театрын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебиненкаржылоону камсыз кылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов