Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-марты № 109 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомунун (мынданары - "ЭСК" ААКы) акцияларынын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкаруумаксатында, универсалдуу коммерциялык банк катары "ЭСК" ААКыны анданары өнүктүрүү зарылдыгын жана "ЭСК" ААКынын жагымдуулугун жогорулатуунуэске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "ЭСК" ААКынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн "Капиталдык са-лымдар" статьясы боюнча "ЭСК" ААКынын алыш-бериш эсебине 200,0 млн. сомкоторсун; - "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү кир-гизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тар-типте киргизсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралганучурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинедивиденддер катары "ЭСК" ААКынын пайдасынын 50 процентин жыл сайын ко-торсун жана пайданын 50 процентин "ЭСК" ААКынын тескөөсүнө калтырсын. 3. "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомун андан арыөнүктүрүүгө көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 27-ноябрындагы № 564 токтомунун колдонулушу 2007-жылдын27-ноябрынан тартып жоюлсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер министр И.Чудинов