КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-марты № 112 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык режимди белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүнжарандарынын өз ара катташуу режимин тартипке салуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Албания Республикасынын, Болгария Республикасынын, Босния жанаГерцеговинанын, Македония Республикасынын, Польша Республикасынын, Ру-мыния Республикасынын, Сербия Республикасынын, Словения Республикасы-нын, Словакия Республикасынын, Хорватия Республикасынын, ЧерногорияРеспубликасынын, Чехия Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республи-касына келүүдө визалык тартип өз аралык принципте белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тийиштүү мамле-кеттерге дипломатиялык каналдар боюнча маалымдасын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гине, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына жана Кыргыз Республикасы-нын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов