Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-апрели № 114                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                   "Кыргыз Республикасында минималдык эмгек                  акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын                            Мыйзам долбоору                               тууралуу      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасында  минималдык  эмгек акы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министриаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши  караганучурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри          И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ           Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы жөнүндө      1-статья.      Минималдык эмгек  акы (эмгек акынын минималдык өлчөмү) - нормалдууэмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын  толукиштеп  бүткөн  квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлыкэмгек акынын гарантиялык өлчөмү.      2-статья.      Эмгек акынын  кийинки  жыл  үчүн минималдык өлчөмү учурдагы жылдын1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү келерки жыл үчүн эмгек акынын мини-малдык өлчөмүн учурдагы жыл үчүн эмгекке жарамдуу адамдын жашоо миниму-мунун өлчөмүнө карата эсептейт.      3-статья.      Эмгек акынын  минималдык  өлчөмү  эмгек  акынын төмөнкү чеги болупэсептелет. Эмгек акынын минималдык өлчөмүнө үстөктөр, кошумча төлөмдөр,сыйлыктар жана башка көтөрмөлөөчү төлөмдөр кошулбайт.      4-статья.      Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.      5-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - өзүнүн  нормативдик  укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-тирсин;     - төрт  айлык  мөөнөттө  Кыргыз  Республикасында  жашоо  минимумунэсептөөнү  аныктоонун тартибин жана өлчөмүн белгилөөчү мыйзам долбооруништеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењешине  белгиленгентартипте киргизсин.      Кыргыз Республикасынын Президенти