КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-апрели № 118 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контрол-дук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталганмыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контрол-дук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1994-жыл, N 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-зилсин. 1. 1-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "менчигинин формаларына кара-бастан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, алардын филиалдары жанабашка өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү (мындан ары - ишканалар), ошондой эле" де-ген сөздөр "менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар, алар-дын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары (мындан ары - юридикалык жактар),"деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактардын милдеттери Контролдук-кассалык машиналарды колдонуучу юридикалык жана жекежактар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1. Салык органдарында контролдук-кассалык машиналарды каттоо жанапломбалоону жүргүзүүгө. 2. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда оњ абалдагы,белгиленген тартипте пломбаланган, салык органдарында катталган жанаэсептөөлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын тиешелүү эсебин камсыз кы-луучу (контролдук тасмада жана фискалдык эстутумда эсептөө операцияла-рын фиксациялоо) контролдук-кассалык машиналарды пайдаланууга. 3. Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө сатып алуучуларга (кардарлар-га) төлөө учурунда контролдук-кассалык машинага басылган чекти берүүгө. 4. Контролдук-кассалык машиналарды сатып алуу, каттоо, пайдалануу-га киргизүү жана колдонууга байланыштуу болгон документтерди КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүнү жана сак-тоону камсыз кылууга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясына ылайыктекшерүү жүргүзүүчү салык органдарынын кызмат адамдарына контрол-дук-кассалык машиналарга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууга, контрол-дук-кассалык машиналарды пайдаланууга байланышкан документтерди аларгаберүүгө. 5. Контролдук-кассалык машиналарды алгачкы каттоодо же кайра кат-тоодо салык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен маалыматтардыконтролдук-кассалык машинанын фискалдык эстутумуна киргизүүгө жана фис-калдык эстутумдагы топтоолорду алмаштырууга. 6. Сатып алуучуга (кардарга) көрүнүктүү жерге сатылып жаткан то-варлардын бааларын (көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскуранттарын) илипкоюуга, алар жарыяланган баалар менен тарифтерди ырастоочу документтер-ге туура келүүгө тийиш. 7. Контролдук-кассалык машиналардын ички механизмине техникалыктейлөө борборунун кызматкерлеринин киришин салык органдарынын кызмат-керлеринин катышуусунда гана камсыз кылууга. Эскертүү: Фискалдык эстутум - контролдук-кассалык машиналардын курамындапрограмма-аппараттык каражаттардын комплекси, ал салыктарды туураэсептөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мененжүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгонар бир суткалык (ар бир сменалык) өзгөртүлбөөчү каттоону жана жыйынтык-тоочу маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак мөөнөттө сактоонукамсыз кылат.". 3. 3-статьяда "каттоонун тартибин жана шарттарын" деген сөздөр"колдонуунун, каттоонун жана пломбалоонун шарттарын" деген сөздөргө ал-маштырылсын. 4. 4-статьяда: статьянын аталышы "каттоо"" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо"деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүк "каттоо" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо" дегенсөздөр менен толукталсын. 5. 6-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Бул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З N 1689-IIтоктому менен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдөконтролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобого ылайык юридика-лык жана жеке жактар пайдалануучу контролдук-кассалык машиналарды кат-тоого жана пломбалоого."; 2-пунктта "ишканаларда" деген сөз "юридикалык жана жеке жактарда"деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти