Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-апрели N 125 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы N 306 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда конт-ролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы N 306 токтомуменен бекитилген Ишкердикти юридикалык жак түзбөстөн жүргүзүүчү ишкер-дик субъекттеринин, өз иш-аракетинин спецификасынан же болбосо жайгаш-кан жеринин өзгөчөлүгүнөн улам контролдук-кассалык машиналарды колдон-бостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү ишке ашырышы мүмкүн болгонуюмдар менен мекемелердин тизмесине төмөнкүдөй толуктоо жанаөзгөртүүлөр киргизилсин: 2-пунктта: "е)" пунктчасында: - "павильон" деген сөздөн кийин "аянты 20 кв.м жана андан ашык"деген сөздөр менен толукталсын; - "контейнер тибиндеги жайлар," деген сөздөр алып салынсын; "к)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "к) эл керектөөчү товарлар менен аянты 20 кв.м чейинки павильон-дордо, контейнер тибиндеги жайларда, киосктордо жана ларектордо соодажүргүзүү;"; - 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ал-дындагы Кирешелер боюнча комитети" деген сөздөр "Кыргыз РеспубликасынынСалыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө ал-маштырылсын. 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов