КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-апрели № 129 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуубоюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2,108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын: "Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды түзүүнүнжана алардын ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин анык-тайт.". 2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1-статья. Кредиттик союз түшүнүгү Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын өздүк топ-тоолорун бириктирүү жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу жолуменен өзүлөрүнүн катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам берүү, ошондой элебашка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында коопера-тив түрүндө түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм. Кредиттик союздардын ишмердиги ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишмердигине бай-ланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө ти-йиш. Кредиттик союздардын ишмердигинин маселелерин жөнгө салуучу башкамыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен кара-ма-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.". 3. 2-статьяда: - үчүнчү абзацта "бардык" деген сөз алып салынсын; - төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "сактык пай (пай төлөмү) - кредиттик союздун катышуучусу тарабынанкапиталга салынган жана кредиттик союздун тескөөсүндө турган акча кара-жаттарынын суммасы.". 4. 3-статьянын 2-пункту "кредиттик союздун ишмердиги" дегенсөздөрдөн кийин "анын мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердиги, тењ укуктуулу-гу" деген сөздөр менен толукталсын.". 5. 4-статьяда: - 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылганжана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумчалицензия алынган шартта, кредиттик союздар төмөнкүдөй кошумча кызматкөрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашыра алышат: 1) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди)тартуу; 2) кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларынжүзөгө ашыруу; 3) банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менентүзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасыбоюнча, кредиттик союзда эсептерди ачпай эле, эсептешүүлөрдү жүзөгөашыруу.". - төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызматкөрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу.". 6. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын: "4-1-статья. Кредиттик союздун ишмердигин чектөөлөр Кредиттик союз төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуксуз: 1) кредиттик союздун мүчөсү болуп саналбаган жактарга финансылыккызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга; 2) өзүнүн мүчөлөрүнүн жана үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнчакепил болууга жана гарантия берүүгө; 3) өзүнүн менчик баалуу кагаздарын чыгарууга.". 7. 6-статьяда: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Кредиттик союздар ишмердиги Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы тарабынан жөнгө салынуучу адистештирилген мекемелерди, анын ичин-де борбордук кредиттик институтту, депозиттерди камсыздандыруу фондун,стабилдештирүү фондун түзө алышат же аларга ээлик кылууга жана/же алар-ды башкарууга катыша алышат."; - төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-пункттар менен толукталсын: "3. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту - борбордуккредиттик союздун катышуучулары болуп саналган кредиттик союздарды кре-диттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо милдетин аткарган адистешти-рилген финансы-кредит мекемеси. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берген шартта төмөнкүдөйоперацияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 1) борбордук кредиттик институттун катышуучуларына-кредиттик союз-дарга кредиттерди берүү; 2) борбордук кредиттик институттун катышуучуларына-кредиттик союз-дарга эсептерди ачуу жана жүргүзүү; 3) борбордук кредиттик институттун катышуучуларынын-кредиттик со-юздардын тапшырмалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чектөөлөрүн эске алууменен башка операцияларды. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун ишмердиги,уюштуруу, башкаруу, каржылоо, кредиттерди берүү, эсептерди жүргүзүү,эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республи-касынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат жана лицензияланат. Мындаборбордук кредиттик институт катышуучулары кредиттик союздар болуп са-налышкан жана катышуучулардын жалпы жыйынында добуш берүү "бир катышуу-чу - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылган борбордук кредиттиксоюз түрүндө уюштурулушу мүмкүн. 4. Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фонду - кре-диттик союздун катышуучуларынын аманаттары (депозиттери) боюнчатөлөмдөрдү кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунунактивдерин башкаруу, кредиттик союздар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурдаалардын катышуучуларынын депозиттери боюнча компенсациялоо аркылуу га-рантиялоо милдетин аткаруучу адистештирилген фонд. Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунун ишмерди-ги, аны түзүү, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, депозиттер боюнча компен-сацияларды төлөө тартиби, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, КыргызРеспубликасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат. 5. Кредиттик союздардын стабилдештирүү фонду - төлөөгө жөндөмсүзабалга дуушар болгон кредиттик союздардын финансылык абалын жакшыртуунукамсыз кылуу үчүн түзүлүүчү фонд. Стабилдештирүү фонду өз ишин жүзөгөашыруу үчүн кредиттик союздарга акыркы инстанциянын кредитин берүүгө,ошондой эле кредиттик союздар үчүн консультацияларды, окуулардыөткөрүүгө, мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Кредиттик союздардын стабилдештирүү фондунун ишмердиги, аны түзүү,уюштуруу, башкаруу, каржылоо, акыркы инстанциянын кредитин берүү тарти-би, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат. 6. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун, кредит-тик союздардын депозиттерди камсыздандыруу фондунун, кредиттик союздар-дын стабилдештирүү фондунун ишмердиги жыл сайын көзкарандысыз аудитор-дук текшерүүдөн өткөрүлөт.". 8. 7-статьяда: - 1-пунктта: - биринчи абзацтагы "жеке жактардан" деген сөздөр "Кыргыз Респуб-ликасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан" деген сөздөр менен ал-маштырылсын; - 2-пунктчадагы "пункттарда" деген сөздөн кийин "же бир райондо"деген сөздөр менен толукталсын. 9. 8-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасы алып салынсын. 10. 9-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толук-талсын: "Кредиттик союздун аталышы "кредиттик союз" деген сөздөрдү камтуу-га тийиш". 11. 10-статьяда: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата та-лаптар жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы та-рабынан белгиленет. Эгерде кредиттик союздун катышуучуларына сактык пайларды төлөөнүннатыйжасында анын сактык пайларынын жалпы суммасы Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сактык пайлардын жалпы суммасы-нын минималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, кредиттик союз ушул Мыйзамгаылайык жоюлууга тийиш."; - төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Кредиттик союздун капиталы катышуучулардын акча каражаттарынынэсебинен түзүлүүгө тийиш. Кредиттик союздун капиталын, негизги каражат-тарды, баалуу кагаздарды жана материалдык эмес активдерди кошо алганда,башка активдер менен түзүүгө жол берилбейт.". 12. 11-статьяда: - 1-пунктта "жеке жактар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын же-ке жактары-резиденттери" деген сөздөр менен алмаштырылсын"; - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Кредиттик союздун катышуучусунун жашы жете элек үй-бүлөмүчөлөрү (жакын туугандары), эгерде үй-бүлөнүн ар бир мындай мүчөсүушул Мыйзамдын 20-статьясына ылайык белгиленген, кредиттик союзга каты-шууга укук берген өлчөмдө сактык пайын өз алдынча сатып алган болсо, 14жашынан баштап эле кредиттик союздун катышуучусу боло алат. Мында жашыжете элек катышуучулар кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйы-нында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугуна, ошондой эле кредит-тик союздун башкармасына, кредиттик комитетине, текшерүү комиссиясынажана башка комитеттерине жана комиссияларына шайлануу укугуна ээ болоалбайт."; - төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын: "3-1. Жеке жактардан тышкары, Кыргыз Республикасынын дыйкан (фер-мердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактары-резидент-тери кредиттик союздун катышуучулары болушу мүмкүн. Дыйкан (фермердик)чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын кредиттик союз-га катышуусу кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынынжалпы санынын отуз пайызынан жогору болбошу керек. 3-2. Дыйкан (фермердик) чарба же кооперативдер түрүндөгү юридика-лык жактардын кредиттик союзга катышуусу (мүчө болуусу) юридикалык ый-гарым укуктуу өкүл аркылуу жүзөгө ашырылат. Өкүлчүлүк Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык ишеним берүү аркылуу жүзөгө ашырылат."; 5-пункт "кредиттик союз" деген сөздөрдөн кийин "катышуучулардынкимиси бул кредиттик союзга мүчө болгон дыйкан (фермердик) чарба жанакооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучусу болуп саналатургандыгы жөнүндө маалыматты кошо алганда" деген сөздөр менен толук-талсын. 13. 12-статьяда: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Кредиттик союздун башкармасы жазуу жүзүндө берилген арыздыннегизинде кредиттик союзга кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү карап, бир айданашпаган мөөнөт ичинде ал боюнча чечим чыгарат. Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалыкжактар кредиттик союзга кирүү учурунда арыз менен бирге өзүнүн уставы-нын, уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрүн жана өз катышуучуларынын тизме-син нотариалдык тастыкталган түрдө берет.". 14. 14-статьяда: - 1-пункттун үчүнчү абзацы "текшерүү комиссиясынын" дегенсөздөрдөн кийин "добуш берүүгө укуктуу" деген сөздөр менен толукталсын; - 4-пункт "боюнча" деген сөздөн кийин "кредиттик союздун башкарма-сы тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын. 15. 15-статьяда: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Жалпы жыйын, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүүгө укук-туу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген бол-со, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынынжалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучуларжана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалыкжактардын-катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу."; - 2-пункттун биринчи абзацы "кредиттик союздун" деген сөздөрдөнмурда "Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген" дегенсөздөр менен толукталсын; - 2-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Кредиттик союздун ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ыла-йык келген жеке жактары - катышуучулары ишеним берилген адамдар аркы-луу, аларда нотариалдык тастыкталган ишеним каты болгон учурда жалпыжыйынында добуш бере алышат. Ишеним берилген адам кредиттик союздункайсы бир башкаруу органынын (башкарма, кредиттик комитет, текшерүү ко-миссиясы же башка комитет) мүчөсү болууга тийиш эмес. Ишеним берилгенадам кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу 2ден көп болбогон башкажеке жактары - катышуучулары үчүн добуш бере алат."; - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, тек-шерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртыпалууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу ка-тышуучулардын кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске алба-ганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добу-шу менен кабыл алынат.". - 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү, бекитүү, кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүүжана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, эгерде кредиттик союздун добушберүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбо-гону добуш берген болсо кабыл алынат.". 16. 16-статьянын 4-пунктунун экинчи сүйлөмү "чогулушуна катышыпотурган" деген сөздөрдөн кийин "жана добуш берүүгө укуктуу" дегенсөздөр менен толукталсын. 17. Төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын: "16-1-статья. Кредиттик союздун байкоочу кењеши 1. Кредиттик союзда жүздөн ашык катышуучу болгон учурда устав та-рабынан кредиттик союзда катышуучулардын жалпы жыйынында шайлануучубайкоочу кењешти (комитетти) түзүү каралышы мүмкүн. Байкоочу кењеш кре-диттик союздун катышуучуларынын ичинен так санда, бирок үч адамдан кемэмес, анын мүчөлөрүнө экинчи жолу шайлануу мүмкүндүгүн берүү менен 3жылдык мөөнөткө шайланат. 2. Байкоочу кењештин ыйгарым укуктары: 1) кредиттик союздун башкармасынын жана кредиттик комитетинин иш-мердигинин уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору-на, кредиттик союздун пландарына жана программаларына шайкештигине бай-коо жүргүзүү; 2) кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин жанатекшерүү комиссиясынын ишмердиги тууралуу даттанууларды жана сунуштардыкароо; 3) башкарманын жана кредиттик комитеттин иш планын бекитүү жанаалардын аткарылышы боюнча отчетторду кароо; 4) кредиттик союздун жылдык финансы планынын аткарылышына контрол-дук жүргүзүү; 5) башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынынишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштарды кредиттик союздун катышуучулары-нын жалпы жыйынынын кароосуна коюу; 6) башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясыныныйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштарды кре-диттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын кароосуна коюу; 7) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын компетенция-сына кирбеген башка ыйгарым укуктар. 3. Байкоочу кењештин чечимдери, кворум байкоочу кењештин добушберүүчү мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3нөн кем болбогон учурда, байкоочукењештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 4. Байкоочу кењеш жыл сайын өз ишмердиги тууралуу кредиттик союз-дун катышуучуларынын жалпы жыйынында отчет берип турат.". 18. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-статья менен толукталсын: "18-1-статья. Кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестик 1. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын башка мүчөлөрү мененжакын туугандыгы бар адамдар бир мезгилде кредиттик союздун башкарууорганынын (башкарма, кредиттик комитет, текшерүү комиссиясы, байкоочукењеш) мүчөлөрү боло алышпайт. 2. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын бир да мүчөсү анын жекемүлктүк кызыкчылыгына же жакын тууганынын, же анын ишмердигинде башка-руу органынын ушул мүчөсү түз же кыйыр мүлктүк кызыкчылыкка ээ болгонбашка адамдын кызыкчылыгына байланыштуу маселелердин чечилишине эч кан-дай жол менен таасир эте албайт. Мындай маселелерге кредит берүү жетелөө, сактык пайын, депозитти салуу же алуу, уюмдардын капиталына жананегизги каражаттарына инвестициялар, лизинг операцияларын жана эсеп-тешүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле башка операциялар кирет. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызыкчылыктар бо-юнча пикир келишпестик орун алгандыгы тууралуу маалыматты алдын алакредиттик союздун башкармасына билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалы-матты кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына билдирүүгө мил-деттүү. 3. Кредиттик союздун дыйкан (фермердик) чарба же кооперативтүрүндөгү юридикалык жактардын катышуучулары болуп эсептелген, ушулкредиттик союзда мүчө болгон катышуучулары бул тууралуу дароо башкарма-га билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалымат менен кредиттик союздункатышуучуларынын жалпы жыйынында тааныштырууга милдеттүү. 4. Кызыкчылыктар боюнча орун алган пикир келишпестиктер жана каты-шуучулардын байланышы тууралуу маалымат кредиттик союздун бардык каты-шуучуларына белгилүү болууга тийиш.". 19. 20-статьянын 3-пункту "үчүнчү жакка" деген сөздөрдөн кийин ",анын ичинде, кредиттик союздан кетип жаткан катышуучу макулдугу мененсактык пайларын кредиттик союздун башка катышуучусуна өткөрүп берсе,катышуучулардын кредиттик союздан чыгып кеткен учурларын эске албаган-да, кредиттик союздун башка катышуучуларына" деген сөздөр менен толук-талсын. 20. 22-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Каражаттар сактык пайлар катары салынган учурда кредиттик со-юздун катышуучусуна кредиттик союздун катышуучусунун акча каражаттарынсалгандыгын же алгандыгын тастыктаган жана төмөнкүдөй маалыматтардыкамтыган пай китепчеси берилет: 1) жеке жак үчүн - аты-жөнү, туулган күнү жана жашаган дареги,юридикалык жак үчүн - толук аталышы, юридикалык дареги жана каттоодонөткөрүлгөн күнү, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү жана жашаган дареги; 2) салынган жана алынган сактык пайлардын суммасы жана аларды са-луу жана алуу күнү; 3) кредиттик союздан чыгып жаткан убакта башка катышуучудан/гакайра таризделген сактык пайлардын суммасы жана алардын кайра тариздел-ген күнү; 4) төлөнгөн дивиденддердин суммасы аларды төлөө күнүн көрсөтүү ме-нен. Катышуучунун сактык пайлары боюнча бардык операциялар жана юриди-калык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн операцияларынын өзгөрүүлөрү туу-ралуу маалымат пай китепчесинде кредиттик союздун башкармасынын төрага-сынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш."; - 2-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын. 21. 25-статьяда: - 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Устав бир карыз алуучуга же өзара байланыштары бар карыз алуучу-ларга, банктык мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алууменен берилүүгө тийиш болгон кредиттин максималдуу өлчөмүн камтууга ти-йиш."; - 4-пункттун экинчи абзацы алып салынсын. 22. 26-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын. 23. 27-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы "гарантияларды кошоалганда" деген сөздөр алып салынсын, "берилген" деген сөз "берилгендер-дин" деген сөз менен алмаштырылсын. 24. 30-статьяда: - 2-пункттун экинчи абзацында "өзү ыйгарым укук берген органгатапшырышы" деген сөздөрдөн кийин "же ушул ыйгарым укуктуу орган мененбирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы" деген сөздөр менен толукталсын; - 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын: "11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузган-дыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүнаткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же так эмес маалы-мат, отчет бергендиги үчүн айып салуу.". 25. 32-статьяда: - 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - 3-пунктта "жана финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча төлөнүүчүсактык пайлары боюнча дивиденддерди" деген сөздөр алып салынсын. 26. 33-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу 1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенталаптарды сактоо менен кайра өзгөртүп түзүлүшү (биригүү, кошулуу,бөлүнүү, бөлүп алуу) мүмкүн. 2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талапта-рына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом жеакционердик коом түрүндөгү финансы-кредит мекемеси болуп кайра түзүлүшүмүмкүн. 3. Кредиттик союз өз ыктыяры менен жоюла алат. Кредиттик союздар-дын өзүн жоюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төмөнкүдөйөзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат: - кредиттик союз лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензияларыменен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүн жоюу тууралуучечим кабыл алынган учурдан тартып үч күн ичинде тапшырууга тийиш; - кредиттик союз кредиттерди берүүнү, уюмдун капиталына жана не-гизги каражаттарына инвестициялоону, сактык пайларды жана депозиттердикабыл алууну өзүн жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып ток-тотууга тийиш; - кредиттик союз кредиторлорунун жана катышуучуларынын алдындагыбардык милдеттенмелерди аткарууга тийиш. 4. Кредиттик союздун уставында ал ыктыярдуу жоюлган учурда бардыкмилдеттенмелер канааттандырылгандан кийин, анын төлөнгөн сактык пайлар-дын жалпы суммасынан ашып калган активдери, кредиттик союздун уставындакаралган шарттарга ылайык, бардык катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлөтургандыгы каралууга тийиш. 5. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынанлицензиясы кайтарылып алынган төмөнкүдөй учурларда жоюлууга тийиш: - кредиттик союзда добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактары-нын-катышуучуларынын саны ондон кем болгондо; - кредиттик союз ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сактык пайлар-дын жалпы суммасынын минималдык өлчөмүн сактоого тиешелүү шарттарды ат-карбаса; - кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катары менен 12 календар-дык ай ичинде эки же андан көп жолу) мыйзам жоболорун, Кыргыз Республи-касынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын, көрсөтмөлөрүн жана/же кре-диттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун иш-мердиги кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болгондугу же болушумүмкүн болсо; - кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктөлөөгө жөндөмсүз деп таанылса. 6. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензи-яны кайта алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде лицензия-нын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республика-сынын Улуттук банкына тапшырууга, бир ай ичинде - соттон тышкаркы тар-типте жоюлуу жол-жобосун баштоого тийиш. 7. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына жекредиттик союздун уставында көрсөтүлгөн жоюуга ыйгарым укуктуу башкарууорганына жүктөлөт. 8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда кудуретсиздик(банкроттук) жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооператив-дерди кудуретсиздикке чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союз-дарга карата колдонулбайт. 9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттер-ди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз банктарды консервациялоо, жо-юу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөйтолуктоолор киргизилсин: 1. 152-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толуктал-сын: "Кредиттөө жана башка банктык операциялар боюнча ишмердикти жүзөгөашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын) укуктукабалы кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.". 2. 153-статьянын экинчи бөлүгү "мүчөлөрүнүн саны" деген сөздөрдөнкийин ", эгер кооперативдердин адистештирилген ишинин негизинде мыйзам-дарда башка аныкталбаса" деген сөздөр менен толукталсын. 3-статья. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 10,436-статья) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-статья менен толукталсын: "3-1-статья. Финансылык кооперативдерди (кредиттик союздарды) түзүүнүн жана алардын ишмердиктеринин өзгөчөлүктарү Кредиттөө боюнча ишмердикти жана башка банктык операциялардыжүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын),ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктук жоболору, аларды түзүү жанаалардын ишмердиги кредиттик союздар жөнүндө мыйзамда белгиленет.". 4-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти