Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспорту жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кыз-маттык паспорту (мындан ары - кызматтык паспорт) Кыргыз Республикасынынжараны Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууда, убактылуу бо-лууда жана Кыргыз Республикасына келүүдө анын ким экендигин тастыктагандокумент болуп эсептелет. 2. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналып,анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат. 3. Кызматтык паспорт 5 жылдык мөөнөткө берилет. Кызматтык паспорт-тун колдонулуу мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранына жањыкызматтык паспорт берет. 4. Кызматтык паспорт анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынынаймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банк операция-ларын жүргүзүү үчүн документ катары пайдаланылбайт. 5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган-дан башка учурларда кызматтык паспортту күрөөгө берүүгө жана алууга,ошондой эле аны алып коюуга тыюу салынат. 6. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу жанаКыргыз Республикасына кирүү үчүн жарактуу. Чет өлкөлөргө кирүү тартибитиешелүү өлкөнүн мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тар-типте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык ке-лишимдер аркылуу жөнгө салынат. 7. Кызматтык паспортту берүүдө консулдук жыйымдар алынбайт. 8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мам-лекеттик агенттигине (мындан ары - Мамресурсагенттиги) квартал сайынтөмөнкү маалыматтарды жиберет: - берилген кызматтык паспорттор жөнүндө; - жараксыз кызматтык паспорттор жөнүндө; - жоголгон кызматтык паспорттор жөнүндө; - алып коюлган кызматтык паспорттор жөнүндө; - алына элек кызматтык паспорттор жөнүндө; - жокко чыгарылган кызматтык паспорттор жөнүндө. 9. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде кызматтык ишса-пардын мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтык паспорт он күндүн ичинде ээ-синин иштеген жери боюнча кадрлар кызматына кайра өткөрүлүп берилет, ал5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинежиберет. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын аймагынантышкары жерлерге ишсапарларга кайра-кайра чыкканда кызматтык паспортКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик органынын (мындан ары - мамлекеттик орган) жазуужүзүндөгү кайрылуусунун негизинде берилет. Кызматтык паспорттун ээси мамлекеттик органдарда эмгек ишаракетинтоктоткон учурда иштеген жери боюнча кадрлар кызматы 5 жумуш күндүничинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине анын эмгекиш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет. Кызматтык паспорт анын ээси алдыдагы кызматтык ишсапарларга баруу-га кайра сурап алганга жана анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейинКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде күйбөгөн атайын сейф-терде сакталат. 10. Кызматтык паспорттордун жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурдаКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жок кылуу үчүн алардыМамресурсагенттигине жиберет. II. Кызматтык паспортко киргизилген маалыматтар жана белгилер Кызматтык паспорттун багытталчу тексти ((1) эскертүүнү кара) мам-лекеттик, расмий жана англис тилдеринде толтурулат. Киргизилген маалы-маттар ((2) эскертүүнү кара) англис тилинде басылат жана төмөнкү маалы-маттардан турат: - берген мамлекет; - документтин аталышы; - паспорттун түрү; - өлкөнүн үч тамгалуу коду; - аты-жөнү; - туулган жери жана күнү; - жынысы; - паспорттун номуру; - жеке идентификациялык номуру (жеке номуру); - жарандыгы; - кызматтык паспортту берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы ((3)эскертүүнү кара); - кызматтык паспорт берилген күн жана анын жарактуулук мөөнөтүаяктачу кун; - ээсинин колу; - машина аркылуу окулчу код; 11. Кызматтык паспортко төмөнкү жазуулар менен белгилер киргизи-лет: - чет мамлекеттик виза; - чегарадан өткөндүгү жөнүндө чегара көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунунбелгиси; - чет мамлекетте аккредиттелгендиги жөнүндө белги; - 14 жашка чейинки балдары жөнүндө. 12. Паспорт ээсинин бетинин түстүү сүрөтү санариптик таризге ай-лантылып, кызматтык паспортко түшүрүлөт. 13. Кызматтык паспортко ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, бел-гилерди жана жазууларды киргизүүгө тыюу салынат. Ушул Жободо каралбаган маалыматтар, белгилер жана жазуулар кирги-зилген кызматтык паспорттор жараксыз деп эсептелет. III. Кызматтык паспортту берүү жана аны алмаштыруу тартиби 14. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын жараны кызматкер бол-гон мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын өтүнүчүбоюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бери-лет. Кызматтык паспорттун жекелештирилүүсүн жана берилген кызматтыкпаспорттор жөнүндө маалымат базасын түзүүнү Мамресурсагенттиги камсызкылат. 15. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигименен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жер-лерде кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүк-төрү же консулдук мекемелери тарабынан берилет. 16. Кызматтык паспортту алууга керектүү документтердин тизмесиМамресурсагенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-лигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген, кызматтык паспортту та-риздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө тиешелүү ведомстволораралык нускама менен аныкталат. 17. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ор-гандардан кызматтык паспортту берүү жөнүндө өтүнүчтү алгандан кийинкызматтык паспортту алуу үчүн керектүү документтерди чогултуу жана анытариздөө иш-аракеттерин жүргүзүп, аларды Мамресурсагенттигине жиберет. 18. Мамресурсагенттиги ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн ке-ректүү документтер келген күндөн тартып, кызматтык паспортторду жеке-лештирип, он календардык күндүн ичинде жекелештирилген кызматтык пас-портторду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберет. 19. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерге шашылыш кызмат-тык иш-сапарга чыгууда документтерди тариздөө жана кызматтык паспортберилүү дароо жүргүзүлөт. 20. Кызматтык паспорт төмөнкүлөргө берилет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилгенмамлекеттик кызматтарын административдик мамлекеттик кызмат орунунунРеестрине ылайык башкы же улук мамлекеттик кызматтагы адамдарга; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн улук офицердик кура-мына; - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерге өздөрүнүн кыз-маттык иши боюнча баруучу Кыргыз Республикасынын командалык жана уч-куч-техникалык курамына; - акциялардын мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жанаакционердик коомдордун жетекчилерине. 21. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерге кызматтыкиш-сапардын мөөнөтү бир жылдан ашкан учурда, ушул Жобонун 20-пунктунаылайык кызматтык паспорт берилген мамлекеттик, кызматкерлердин - КыргызРеспубликасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө (аялына, күйөөсүнө, жа-шы жетелек балдарына, жашы жеткен эмгекке жарамсыз балдарына) да кыз-маттык паспорт берилет. 22. Айрым өлкөдөгү саясий кырдаалды же чет өлкөлөрдө иштөөнүн кон-креттүү шарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин тапшырмасыбоюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзгөчө учурлардаКыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына кызматтыкпаспорт бере алат. 23. Кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алмаштырылат: - жарактуулук мөөнөтү аяктаганда; - аты-жөнүн алмаштырганда; - жазууларда так эместиктер аныкталганда; - пайдаланууга жараксыз болгондо (химиялык же механикалык бузулуу-лар); - виза коюу үчүн арналган баардык барактар колдонулуп бүткөндө. 24. Аты-жөнүн алмаштырганда, кызматтык паспортто так эмес маалы-маттар аныкталганда кызматтык паспортту Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигинин ЗАГС органдарынын күбөлүктөрүнүн же башка жогорудагышарттарды аныктаган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынындипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелер алмаштырат. 25. Кызматтык паспортту жоготкон учурда анын ээси дароо төмөнкүдөйбилдирүүгө милдетүү: Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Респуб-ликасынын ички иштер органдарына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-тер министрлигине, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары - жүргөнөлкөнүн укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын дипломатиялыкже консулдук мекемелерине, мындайлар жок болгон учурда, Кыргыз Респуб-ликасынын аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынынукуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу эл аралык макулдашууларга ылай-ык ыйгарым укук берилген башка өлкөнүн дипломатиялык же консулдук меке-месине. 26. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде Кыргыз Респуб-ликасынын жараны кызматтык паспортун жоготкон учурда Кыргыз Республика-сына киргенге укук берген документ болуп дипломатиялык өкүлчүлүктөр жеконсулдук мекемелер тарабынан берилген Кыргыз Республикасына кайра кай-тып келүү күбөлүгү эсептелет. 27. Ушул Жобонун 23-пунктунда белгиленген негиздер боюнча жањыкызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мурдаберилген кызматтык паспорттун жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгы, жогол-гондугу же бузулгандыгы жөнүндө фактыларды текшергенден кийин, паспортээси кызматкер болгон мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча берилет. IV. Кызматтык паспортту алып коюу 28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белги-ленген учурларда кызматтык паспортту алгачкы териштирүү органдары, тер-гөө органдары, сот же кызматтык паспорт берүү жөнүндө өтүнүп жатканмамлекеттик орган алып коюшу мүмкүн. Алып коюлган кызматтык паспорттортууралуу маалыматтарды аталган органдар Мамресурсагенттигине жиберилет.Ал өз учурунда бул тууралуу тиешелүү кызматтарга маалымдайт. 29. Алгачкы териштирүү органдары, тергөө органдары жана сот чечим-дин көчүрмөсү менен бирге алып коюлган кызматтык паспортторду КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтөт. Ал андан ары алардыжок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жиберет. 30. Кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алып коюлат: - кызматтык паспортту жасалмалоодо; - кызматтык паспорт жасалма же мыйзамсыз жол менен алынган доку-менттер боюнча берилгени жөнүндө факты аныкталганда; - адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылганда; - адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда; - кызматтык паспорттун ээси мамлекеттик органда иштешин токтоткон-до; - кызматтык паспорт жараксыз деп таанылганда; - кызматтык паспорттун ээси каза болгондо. 31. Кызматтык паспорттор төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелет,эгерде: - паспорт ээсинин ким экендигин далдаштырууга мүмкүн эмес болсо; - ушул Жободо каралган айрым жазуулар жок болсо; - чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар, ушул Жободо каралбаганбелгилер жана (же) жазуулар киргизилген болсо; - жарактуулук мөөнөтү аяктаса; - жарактуулук мөөнөтү жокко чыгарылса. 32. Кызматтык паспорт жараксыз деп табылганда ыйгарым укуктук ор-гандар тарабынан белгиленген тартипте үч нускадан турган акты түзүү жо-лу менен алып коюлууга тийиш. Бул актынын бир нускасы ушул акт түзүлгөнжеринде калат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-гине, үчүнчүсү - жараксыз кызматтык паспортторду тиркөө менен биргеушул Жобонун 37-пунктуна ылайык жок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жи-берет. 33. Табылган кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-тер министрлигине тапшырылат. Керектелбеген, ошондой эле алмаштырылуугатийиш болгон кызматтык паспортторду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлиги жок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жиберет. V. Кызматтык паспорттордун бланктарын эсепке алуу жана сактоо 34. Кызматтык паспорттордун бланктары номурлары боюнча электрондукбулактарда, так отчеттуулуктагы бланктардын күнүмдүк кыймылынын журна-лында катталат жана Мамресурсагенттигинин баланстык эсептеринде эсепкеалынат. 35. Кызматтык паспорт мамлекеттик маанидеги документ болуп сана-лат. 36. Кызматтык паспорттун бланктары атайын жабдылган бөлмөдө өзүнчөкүйбөс сейфтерде сакталат. VI. Паспортторду жана паспорттордун бланктарын жок кылуу 37. Кызматтык паспорттор Мамресурсагенттигинин, Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттикулуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин ЗАГС орган-дарынын өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссия менен Мамресурсагентти-гинде өрттөө же кесүү жолу менен жок кылынат. VII. Кызматтык паспортту тариздөө жана эсепке алуу тартиби 38. Кызматтык паспортту тариздөө жана эсепке алуу тартиби Мамре-сурсагенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининбиргелешкен буйругу менен бекитилген нускамага ылайык ишке ашырылат. VIII. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 39. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. IX. Эл аралык келишимдерди колдонуу 40. Эгерде Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн жана мыйзамда белги-ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Жободо кам-тылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеле-ри колдонулат. Эскертүүлөр: (1) Багытталчу текст - документте камтылган текст, анын негизиндедокумент ээси жөнүндө биографиялык жана башка маалыматтар киргизилет. (2) Киргизилчү маалыматтар - документ ээси жөнүндө биографиялыкжана башка маалыматтар. (3) Ыйгарым укуктуу органдын аталышы - кызматтык паспортту бергеноргандын аталышы - МРА.