Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-апрели № 140                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын             сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө      "Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуу-суна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Протоколду  ратификация-лоо  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146Мыйзамы менен ратификацияланган Бүткүл дүйнөлүк  соода  уюмун  уюштуруужөнүндө Марракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу туура-луу Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тийишболгон 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы ма-кулдашуунун (ГАТТ) VIII статьясынын  талаптарына  ылайык,  ошондой  эле"Тышкы  соода  чөйрөсүндө  мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорт-тук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар  жөнүндө"  КыргызРеспубликасынын  Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 Жарлы-гынын  2-пунктунун  төртүнчү  абзацына  ылайык  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети  товар  катарыдекларациялануучу  товарларды,  транспорттук  каражаттарды  бажылык та-риздөө  үчүн  бажы  жыйымдарын  алууну  бажы  наркынын  0,15   процентиөлчөмүндө, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 өлчөмүнөн кем эмес жана эсептиккөрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес жүргүзсүн.     2. Бажылык тариздөөнү ал үчүн белгиленгенден башка жерде жана бажыоргандарынын иш убактысынан тышкары жүргүзүүдө бажы жыйымдары эки  эсе-ленген  өлчөмдө,  бирок  эсептик  көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмесалынары белгиленсин.     3. "Товарлардын  бажылык  жасалышы  жана  келип чыккандагы жөнүндөсертификат берүү үчүн жыйымдардын  өлчөмүн  белгилөө  тууралуу"  КыргызРеспубликасынын  Өкмөтүнүн  1998-жылдын  19-июнундагы  № 368 токтомунун1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.     4. Бул  токтом  расмий  жарыяланган  күндөн тартып 15 күндөн кийинкүчүнө кирет.       Премьер-министр                                 И.Чудинов