Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-апрели № 140 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө "Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуу-суна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Протоколду ратификация-лоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146Мыйзамы менен ратификацияланган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруужөнүндө Марракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу туура-луу Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тийишболгон 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы ма-кулдашуунун (ГАТТ) VIII статьясынын талаптарына ылайык, ошондой эле"Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорт-тук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 Жарлы-гынын 2-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети товар катарыдекларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажылык та-риздөө үчүн бажы жыйымдарын алууну бажы наркынын 0,15 процентиөлчөмүндө, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 өлчөмүнөн кем эмес жана эсептиккөрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес жүргүзсүн. 2. Бажылык тариздөөнү ал үчүн белгиленгенден башка жерде жана бажыоргандарынын иш убактысынан тышкары жүргүзүүдө бажы жыйымдары эки эсе-ленген өлчөмдө, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмесалынары белгиленсин. 3. "Товарлардын бажылык жасалышы жана келип чыккандагы жөнүндөсертификат берүү үчүн жыйымдардын өлчөмүн белгилөө тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-июнундагы № 368 токтомунун1-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийинкүчүнө кирет. Премьер-министр И.Чудинов