Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-апрели № 141 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл районунун Чоњ-Сары-Ой айыл-дык кењешинин аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкүжарандарына жеке менчик укугунда таандык 17,75 га сугат айдоону "Айылчарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш-тык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын: Р. Салиевага - 4,8 га сугат айдоону; К. Абдановага - 4,8 га сугат айдоону; Т. Манаевага - 4,95 га сугат айдоону; М. Жекшеналиевага - 3,2 га сугат айдоону. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш ку-рууга шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттуккомплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ойжана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жанаЫсыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жак-шыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен жактырылган Чоктал эс алуузонасын аймактык өнүктүрүү схемасына ылайык иштеп чыксын; - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66
токтому менен белгилен-ген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруу наркынын суммасын ушул токтомдун 1-пунктунда саналып өткөнКыргыз Республикасынын жарандары тарабынан төлөнүшүн камсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов