Редакцияот 10.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-апрели № 142                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук           районундагы Орок айылдык кењешинин жерлерин "Айыл          чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай,          транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы                 жерлер" категориясына которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ыла-йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча  республикалыккомиссия менен макулдашылган,  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Со-кулук районундагы Орок айылдык кењешинин аймагында  жайгашкан  5,97  гажерди,  анын  ичинен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,17га кайрак айдоосун,  3,9 га кысыр ањызды жана 0,9 га айыл жанындагы жа-йытты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай,  транс-порт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына ко-торуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы:     - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргиз-син;     - жер участогун берүүнү тоорук жүргүзүү жолу менен Кыргыз  Респуб-ликасынын Жер кодексинин 29-статьясына ылайык жүргүзсүн;     - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди жеке жана юридикалыкжактарга берүүдө "Айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн айыл чарба жерле-рин алып коюуга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбы-на келтирүүнүн наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому  ме-нен  белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуула-рынын ордун толтуруу наркынын суммасынын төлөнүшүн камсыз кылсын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                              И.Чудинов