Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-апрели № 144 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакайата районундагы калктуу конуштардын жана көрүстөндөрдүн аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакайата районунун аймакта-рында жайгашкан айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүүмаксатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьялары-на ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-циясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республика-лык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Талас облусун-дагы Бакайата районунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун1007,9 га сугат айдоосун берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичин-де: - калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн: Акназаров айылдык кењешинин - 189,0 га; Акдөбө айылдык кењешинин - 37,0 га; Бакайата айылдык кењешинин - 133,0 га; Боотерек айылдык кењешинин - 181,3 га; Кењарал айылдык кенешинин - 67,7 га; Мињбулак айылдык кењешинин - 37,1 га; Өзгөрүш айылдык кењешинин - 178,0 га; Орос айылдык кењешинин - 106,7 га; Шадыкан айылдык кењешинин - 47,3 га; - көрүстөндөрдү жайлаштыруу үчүн: Акназаров айылдык кењешинин - 2 га; Акдөбө айылдык кењешинин - 13,0 га; Мињбулак айылдык кењешинин - 10,8 га; Өзгөрүш айылдык кењешинин - 5,0 га. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан төмөнкүлөргө которулсун. - калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн берилүүчү жерлер -"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына; - көрүстөндөрдү жайлаштыруу үчүн берилүүчү жерлер - "Өнөр жай,транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясы-на. 3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-циясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайда-лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, жанаша жайгаш-кан калктуу конуштардын шаар куруу чечимдерин, социалдык-маданий багыт-тагы объектилерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эскеалуу менен курулуш курууга шаар куруу документтерин иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов