Сравнение редакций…
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы №
506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө"
Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрында-
гы № 693 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын
өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна
ылайык, токойлордун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын токойлоруна
токойго менчиктин түрүнө карабастан улуттук инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүр-
гүзүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүр-
гүзсүн;
- Токойлорго улуттук инвентаризация өз убагында жүргүзүлүшүн кам-
сыздоочу методологиялык документтерди иштеп чыксын жана бекитсин;
- Токойлорго улуттук инвентаризациянын жыйынтыгын Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) жана жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүүгө катышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №
693 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү
иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда айтылган токтом менен бекитилген 2006-2010-жылдарга
Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улут-
тук планынын 4-главасынын 4.1-милдетинин 4.1.6-пунктчасы күчүн жоготту
деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы №
506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө"
Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрында-
гы № 693 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын
өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна
ылайык, токойлордун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүр-
гүзүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр И.Чудинов