Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10 апрелиндеги № 143 токтому менен бекитилген Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Борбордун максаттары жана милдеттери III. Борбордун иш милдеттери IV. Борбордун укуктары жана милдеттери V. Башкаруу органдары VI. Финансы-чарбалык ишмердиги жана материалдык-техникалык базасы VII. Кызматкерлердин укуктары жана милдеттери VIII. Эл аралык кызматташтык XI. Борборду кайра уюштуруу жана ишин токтотуу тартиби I. Жалпы жоболор 1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору (мынданары - Борбор) билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн жањы типтегикошумча билим берүүчү мектептен тышкаркы мамлекеттик адистештирилгенбалдар мекемеси болуп саналат. 2. Өз ишинде борбор Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билимберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Жобону жана КыргызРеспубликасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. 3. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чеги-нен тышкары жерлерде жүргүзөт. 4. Борбор юридикалык жак болуп саналат, ал ишин өз максаттарынажана өлкөнүн алган багытына ылайык мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнөбекитилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылууга, пайдала-нууга жана тескөөгө укугу бар мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктуктүрүндө иштейт. Борбордун банк мекемелеринде өз алдынча балансы,эсеп-кысап жана башка эсептери, өзүнүн аты жазылган тегерек мөөрү, атыжазылган штамптары жана бланктары, ошондой эле юридикалык жак үчүн за-рыл болгон башка атрибутикалары бар. 5. Борбор өз мүлкүнүн чегинде өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопберет. 6. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн финан-сылык каражаттарын өз алдынча тескейт жана өз аракеттери үчүн жоопкер-чилик тартат. 7. Борбор төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: - инсандын кызыкчылыгын жана өнүгүү дењгээлин эске алуу менен анынбилим алуу жагынан керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган балдар,өспүрүмдөр жана жаштар үчүн жањы билим берүүчү маалымат технологияларынэске алуу менен кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууга; - өз компетенциясынын чегинде ишинин ар түрдүү багыттары боюнчамектептен тышкары кошумча билим берүү системасындагы адистердин квали-фикациясын жогорулатууну методикалык жактан коштоого. 8. Борбордун расмий аталышы: кыргыз тилинде: Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук бор-бору, орус тилинде: Национальный центр детей и юношества "Сейтек". Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Абду-момунов көчөсү, 197 II. Борбордун максаттары жана милдеттери 9. Борбордун максаты: - балдардын керектөөлөрүнө, жөндөмүнө жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксоциалдык иш-аракеттин бардык негизги багыттары боюнча аларга кошумчабилим берүүнү уюштуруу, балдардын оњ өњүттөгү дөөлөт багыттарын өздөш-түрүүсү, өздөрүн көрсөтө алышы, өздөрүнүн максатына жетиши үчүн шарттүзүп берүү; - мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык мектептен тышкаркы, ко-шумча билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү; - балдардын керектөөлөрүнө ылайык жана өз компетенциясынын чегиндебалдарга мектептен тышкаркы, кошумча билим жана тарбия берген педагог-дордун билим алуусун уюштуруу; 10. Борбордун негизги милдети болуп төмөнкүлөр үчүн зарыл болгоншарттарды (программалык-методикалык, кадр жагынан, уюштуруу-мазмундуу,маалыматтык, эксперттик) түзүп берүү саналат: - кошумча билим берүүнүн табигый-илимий, эстетикалык, маданий,спорттук-техникалык, аскердик-патриоттук, социалдык-педагогикалык ба-гыттарынын чөйрөсүндө билим берүү ишмердигин ресурс жагынан камсыз кы-луу; - өз компетенциясынын чегинде ар түрдүү багыттар боюнча кошумчабилим берүү системасынын субъектилеринин ишмердигине эксперттик баа бе-рүү; - балдардын инсандык жана дене жагынан өнүгүшү, денсоолугунун чыњ-далышы, кесибин өз алдынча аныктоосу жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнишке ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу; - жалпы маданиятты жана адеп-ахлактуулукту калыптандыруу; - бош убактысын мазмундуу уюштуруу; - балдарды коомдо жашоого көнүктүрүү; - балдарга өзүнө жаккан иш-аракет чөйрөсүн тандап алууга эркиндикберүү аркылуу анын инсандык касиеттерин өнүктүрүү. 11. Борбор төмөнкүлөрдү ишке ашырууга катышат: - баланын инсандык касиеттерин (билимдүү болушун) өнүктүрүү макса-тында алардын жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыгына жооп берген ко-шумча билим берүү программаларын; - республикадагы кошумча билим берүү системасында иштеген педагог-дор, тарбиячылар, кызматкерлер үчүн мектептен тышкаркы, кошумча билимберүү программаларын. 12. Борбор өз ишин төмөнкү багыттар боюнча мамлекеттик жана расмийтилдерде жүргүзөт: а) билим берүү кызматы: - ушул Жободо аныкталган билим берүү кызматын көрсөтүү. Билим бе-рүү кызматына балдардын кызыкчылыгына, суроо-талабына жана жөндөмүнөылайык мектептеги окуудан бош мезгилде ар түрдүү курактык топтордогубалдар менен ишти уюштуруу кирет. Бул максат үчүн Борбордо ар түрдүүийримдер, ансамблдер, студиялар, секциялар иштейт; - кошумча билим берүү системасында окутуунун ар түрдүү курстарыбоюнча автордук жана адаптацияланган программаларды иштеп чыгуу; - Борбордун педагогдоруна жана республикадагы кошумча билимберүүчү уюмдарга: программалык-методикалык, окуу-тарбия процессин маа-лымат жагынан камсыз кылуу, кошумча билим берүү системасынын адистеринаттестациялоо, бош убакытты туура өткөрүүгө багытталган массалык иш-ча-раларды өткөрүү жана компетенциясынын чегинде ар түрдүү сценарийлердииштеп чыгуу маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтүү. Республика-нын билим берүүчү мекемелеринин педагогдору үчүн прогрессивдүү техноло-гияларды, окутуунун ыкмаларын жана формаларын пайдалануу менен мас-тер-класстарды, окутуучу курстарды, семинарларды, "тегерек столдорду"өткөрүү; б) маданий-агартуу иштери: - массалык оюн-зоок иш-чараларын иштеп чыгуу, уюштуруу жана өткө-рүү; - таанып-билүү оюн, интеллектуалдык иш-чараларды, фестивалдарды,конкурстарды, көргөзмөлөрдү өткөрүү; в) жарнак-маалымат иштери: - буклеттерди, китепчелерди, видеофильмдерди чыгаруу; - билим берүүчү программаларды, сценарийлерди жана башка материал-дарды көбөйтүү; г) басма иши: республиканын мектептен тышкаркы балдар мекемелериүчүн басылмаларды даярдоо, чыгаруу жана белгиленген тартипте сатып өт-көрүү. III. Борбордун иш милдеттери 13. Борбор төмөнкүдөй иш милдеттерди аткарат: - Борбордун узак мөөнөттүү келечекке стратегиясын иштеп чыгат жанаКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кароосунакиргизет; - өз компетенциясынын чегинде билим берүү жагынан мамлекеттик сая-сатты ишке ашырат; - ар түрдүү курактык топтордогу окуучуларга сапаттуу билим берүүкызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылат; - кошумча билим берүү мекемелеринин иш-аракетинин багыттары боюнчаавтордук жана адаптацияланган программаларын иштеп чыгат; - окуучулар жана алардын ата-энелери менен иш алып баруунун жањытүрлөрүн жана ыкмаларын киргизет; - окуу-методикалык, көркөм, камкорчулук кењештеринин жана ата-эне-лер комитетинин ишин координациялайт; - кадрларды тандайт жана окутат, аларды белгиленген тартипте ат-тестациядан өткөрөт; - семинарларды, "тегерек столдорду", мастер-класстарды, талкуулар-ды, фестивалдарды жана конкурстарды уюштурат жана өткөрөт, кошумча би-лим берүү мекемелеринин иш-аракетинин маселелери боюнча иш тажрыйба ал-машууну уюштурат; - окуу каникулдарынын учурунда окуучулардын эс алуусун уюштурат; - мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен атайын адаптацияланган прог-раммалар боюнча иш алып барат; - жетим балдар, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүнбалдары менен ишти уюштурат; - окуучуларга эстетикалык тарбия берүү максатында шаардын жанареспубликанын окуучулары үчүн концерттерди жана спектаклдерди өткөрөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-терди да жүргүзөт. IV. Борбордун укуктары жана милдеттери 14. Өз милдеттерин аткаруу үчүн Борбор өз структурасын иштеп чыгу-уга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти уюштуруу жанааны стимулдаштыруу формаларын аныктоого укуктуу. 15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу: - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кошумча билимберүү мекемелеринде тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө; - социологиялык жана педагогикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө; - Борбордун иш пландарына жана негизги иш-чараларына ылайык балдаржана чоњдор үчүн массалык, бош убактысында өткөрүлүүчү оюн-зоок, кон-курстук иш-чараларды өткөрүүгө; - балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачыл, интеллектуалдык өнүгү-шүнө, билим берүү процессин өркүндөтүүгө багытталган инновациялыкиш-аракеттерди жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ба-гыты боюнча кошумча билим берүү системасындагы адистердин квалификация-сын жогорулатууга катышууга; - ар түрдүү бирикмелерди, ассоциацияларды түзүүгө катышууга, аркандай билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүүгө. Бул мамилелерушул Жобо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбе-ген макулдашуулар, келишимдер менен аныкталат; - квалификациясын жогорулатуу максатында иш-сапарларга, стажиров-каларга, анын ичинде чет өлкөлөргө педагогдорду жиберүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоонун кошумчабулактарын, материалдык каражаттарды тартууга катышууга; - келишим боюнча Борборго кызмат көрсөтүп жаткан жана иш аткарганбашка ишканаларга, уюмдарга жана жарандарга материалдык жана акча ре-сурстарын берүүгө; - насыяларды, заемдорду, гранттарды алууга; - негизги уставдык иши боюнча документтеринин эсебин жүргүзүүгөжана сакталышын камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык аларды архивге сактоого берүүгө. V. Башкаруу органдары 16. Борбордун ишине түздөн-түз жетекчиликти анын деректири жүргү-зөт. Деректирди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрипедагогикалык же профили боюнча атайын билими жана иш тажрыйбасы болгонадистердин ичинен 5 жыл мөөнөткө дайындайт. Деректир жокто анын ыйгарым укуктарын деректирдин орун басары ишкеашырат. Деректирдин орун басарын деректирдин сунушу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын билим берүү жана илим министри дайындайт. 17. Борбордун деректири: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине билимберүү программаларынын аткарылышы боюнча отчет берет; - Борбордун иш-аракетинин негизги багыттарын иштеп чыгат жана Кыр-гыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө бе-рет; - Борбордун түзүмүн жана кызматкерлерине акы төлөө шарттарын иштепчыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинебекитүүгө берет; - Борбордун ишин пландаштырат жана контролдойт, анын ишинин сапатыжана натыйжалуулугу үчүн жооп берет; - финансы каражаттарынын сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылат; - банктарда эсеп-кысап жана башка эсептерин ачат, ишеним каттардыберет, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде башка укуктардан дапайдаланат; - кошумча ыйгарым укуксуз жана ишеним катсыз эле Борбордун кызык-чылыгын көздөп, анын атынан чыгат; - педагог жана башка кызматкерлерди ишке алат жана иштен бошотот; - билим берүү процессинде эмгекти коргоо нормаларынын жана кооп-суздук техникасынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат; - Борбордун иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат; - Борбордун деректиринин компетенциясына кирген башка маселелербоюнча да өз алдынча чечим кабыл алат. 18. Маанилүү маселелерди чечүү үчүн Борбордо Кењеш берүүчү орган-дар: жамааттын жалпы чогулушу, педагогикалык, методикалык, көркөм, кам-корчу кењештер түзүлөт, алар өздөрү жөнүндөгү жоболорго ылайык иштейт,ошондой эле ата-энелердин жалпы чогулушунда шайлана турган ата-энелеркомитеттери иштейт. VI. Финансы-чарбалык ишмердиги жана материалдык-техникалык базасы 19. Борбордун иш-аракети республикалык бюджеттен ушул максатка ка-ралган каражаттардан каржыланат. 20. Каржылоо булактарына: - өз каражаттары; - кошумча билим берүү кызматынан алынган каражаттар; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булак-тар кирет. 21. Борбор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли-ги белгилеген баалар боюнча бюджеттен каржылануучу билим берүү програм-маларынын чегинен чыккан кошумча акы төлөмө билим берүү кызматын (атай-ын курстарды жана циклдерди, сабактарды окутуу, репетиторлук, сабактар-ды терењдетип үйрөтүү менен балдарга сабак өтүү ж.б.) көрсөтө алат. 22. Борбордун ишин камсыз кылуу максатында ага уюштуруучу тарабы-нан имарат жай, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, шаймандар, ошондой элеал уставдык иш-аракетин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон башка керек-телүүчү, маданий, социалдык жана башка багыттагы мүлктөр бекитилип бе-рилет. 23. Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон матери-алдык-техникалык өнүктүрүү, материалдык колдоо көрсөтүү ж.б. фондулар(эсеп ачуу түрүндө) түзүлүшү мүмкүн. 24. Борбордун бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзүү тар-тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгөсалынат. Мекеменин отчеттору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген тизмеге жана мөөнөткө ылайык берилет. 25. Борбордук документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жүргүзүлөт. VII. Кызматкерлердин укуктары жана милдеттери 26. Педагог кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу: - өздөрүнүн кесиптик ар намысын жана аброюн коргоого; - окутуу жана тарбия берүү методикаларын, окуу куралдарын жана ма-териалдарын, окуучулардын билимине жана жөндөмүнө баа берүү методдорун(адептик нормаларга жана мыйзамдарга каршы келбеген) эркин тандап алуу-га жана пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык ке-пилдиктерге. 27. Педагог кызматкерлер: - педагог кызматкерлердин тийиштүү кызматтары үчүн аныкталган ква-лификациялык мүнөздөмөлөрдүн талаптарына жооп берген педагогикалык жекесиптик (атайын) билим алууга; - окуу программаларынын жана мамлекеттик стандарттардын талаптары-на ылайык мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мекемелер система-сындагы окуучуларды окутууга жана тарбиялоого; - сабак учурунда балдардын коопсуздугуна жооп берүүгө милдеттүү. VIII. Эл аралык кызматташтык 28. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, мам-лекеттик органдарынын, коомдук уюмдарынын, чыгармачыл союздарынын багы-ты боюнча эларалык иш-аракеттерге катышууга укуктуу. 29. Борбор кызматкерлерди жана окуучуларды чет өлкөгө (тажрыйбаалмашуу, ар түрдүү иш-чараларга, конкурстарга, кароолорго, фестивалдар-га, мелдештерге, олимпиадаларга ж.б. катышуу максатында) жиберүү үчүналарды тандоону жүргүзөт жана алардын даярдалышы жана документтерининтолтурулушу үчүн жоопкерчилик тартат. Борбор Кыргыз Республикасынын Би-лим берүү жана илим министрлигинин багыты боюнча, ошондой эле башкауюмдардын багыты боюнча чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууга тийиш-түү шарты болгон учурда, аларды кабыл алат. XI. Борборду кайра уюштуруу жана ишин токтотуу тартиби 30. Борбордун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 31. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер ал жоюлганучурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.