"Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 15-апрели № 149 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ак-Сай Цемент" жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айылдык кењешинин аймагында жайгашкан жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,384-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4, 5, 20, 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, жалпы аянты 410,8 га жер участогун, аныничинде Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айылдык кењешинин Айылчарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 33 га кайрак айдоосун жана377,8 га жайытын ижара келишиминин шартында "Ак-Сай Цемент" жабык акци-онердик коомуна төмөнкүдөй мөөнөттөргө убактылуу пайдаланууга берүүжөнүндө сунушу кабыл алынсын: - цемент-шифер заводун куруу үчүн - 27,0 га жайытты жана 33,0 гакайрак айдоону 49 жылга; - пайдалуу кендерди иштетүү үчүн - 350,8 га жайытты иштетүү макса-тында жер казыналарын пайдалануу укугуна Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттикагенттик тарабынан берилген 2005-жылдын 15-декабрындагы № 334 ТЕ жана335 ТЕ лицензияларга ылайык 17 жылга. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуужана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруу жана алынбай калган пайданын наркынын суммасын "Ак-Сай Цемент"жабык акционердик коомунун төлөшүн; "Ак-Сай Цемент" жабык акционердик коомунун Кыргыз РеспубликасынынОш облусундагы Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтү менен жер участок-торго жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффициенттиколдонуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишиминтүзүүсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов