Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021 жылдын 6 августу № 2
“Бакайыр айылдык аймагынын Бакайыр Айылдык Кеңешине жооптуу катчы алуу жѳнүндѳ”
Бакайыр айылдык Кеңешинин ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү үчүн, Бакайыр айылдык аймагынын калкынын саны 6000 адамдан ашканына байланыштуу айылдык кеңештин депутаттардын саны 21 мандат болгонуна байланыштуу жана Бакайыр айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 6-августундагы кезектеги сессиясынын № 5 протоколунун чечимине ылайык токтом кылам:
1. Бакайыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдиги түзүлсүн.
2. Бакайыр айылдык Кеңешине жооптуу катчыны кабыл алуу жагы конкурстук негизде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бакайыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.
Тѳрага | Жаныкул уулу К |