Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-марты № 1
Бакайыр айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын 11-сессиясы.
Бакайыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Бакиров Сейитбекке ишенбестик билдирүү жѳнүндѳ
Бакайыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы №11 протоколуна жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 53-беренесинин 9-пунктуна ылайык Бакайыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бакайыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Бакиров Сейитбекке жалпы депутаттардын санынын 15 добушу менен ишенбестик билдирилсин.
2. Бакиров Сейитбекти кызмат ордунан бошотуу үчүн ишенбестик билдирүү жѳнүндѳгү токтом Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы- акимге жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳо жагын ѳзүмѳ калтырам.
Тѳрага | Жаныкул уулу К |