Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-апрели № 3
Бакайыр айылдык аймагындагы жайыттардын ижара акысы жɵнүндɵ.
Бакайыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги 12- сессиясынын жана 2022-жылдын 20-апрелиндеги Бакайыр айылдык аймагынын жалпы элдик жыйынынын чечимине ылайык Бакайыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бакайыр айылдык аймагында жайытка болгон тɵлɵм баардык салыктарды жана ижара акысын кошкондо тɵмɵндɵгүдɵй болуп бекитилсин:
1. Жылкы башына 75,0 сом.
2. Ири мүйүздүү малга 75,0 сом.
3. Кой эчкиге 15,0 сом.
2. Бакайыр айылдык аймагынын жайыт комитети фермерлерди ушул токтом менен тааныштырып, жайытка болгон тɵлɵмдɵрү ушул токтомго ылайык чогултулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзүмɵ калтырам.
Тѳрага | Жаныкул уулу К |