Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-сентябры № 57
Жергиликтүү Курултайды чакыруу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2022-жылдын 5-ноябрында биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жергиликтүү Курултай чакырылсын.
2. Жергиликтүү курултайга айыл аймагында калктуу конуштардын жыйындарынан баардыгы 50-делегат шайлансын.
3. Делегаттарды шайлоо боюнча Бекмолдо айыл аймагы калктуу конуштары боюнча Кара-Ой айылы ,Сасык-Булак айылы, Кеңеш айылы, Чоң-Токой айылы болуп бөлүнсүн.
4. Айылдар боюнча жыйындардын графиги жана делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
- Кара-Ой айылында жыйын 15-октябрь күнү саат 11:00 А.Бөрүбаев орто мектебинин актовый залында өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченеми 20-делегат;
- Сасык-Булак айылында жыйын 16-октябрь күнү саат 11:00 Маданият үйүндө өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченеми -18 делегат;
- Кеңеш айылында жыйын 17-октябрь күнү саат 11:00 “Сулайман уулу Билал ” атындагы спорт комплексинде өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлуктүү ченеми -6 делегат;
- Чон-Токой айылында жыйын 18-октябрь күнү саат 11:00 “Б.Бегалиев ” атындагы спорт комплексинде өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченеми -6 делегат;
5. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү төмөндөгү депутаттарга милдеттендирилсин. Алар;
- Мадраимова А-Кара-Ой айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Момоконова Л, Мырзалиева С- Сасык-Булак айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Арыкбаева К- Кеңеш айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Борукеев А-Чоң-Токой айылынын жыйынын өткөрүүгө;
6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөндөгү жумушчу топтун курамы бекитилсин. Алар;
- Осмонов С.А-айылдык Кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
- Кулубаева Э.А -жооптуу катчы, жумушчу топтун катчысы;
мүчөлөрү:
- Мадраимова А.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Момоконова Л.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Арыкбаева К .- Айылдык Кенештин депутаты;
- Борукеев А.Б.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Мырзалиева С- Айылдык Кенештин депутаты;
- Кулбачаева А. –аялдар кенешинин төрайымы;
- Д.Рахматов –Кара-Ой айылынын башчысы;
- Исагалиев А – Чоң- Токой айылынын башчысы;
- Осмонов А- Аксакалдар кенешинин төрагасы;
7. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар өткөрүлө турган күн, убакыт,өткөрүлүүчү жай тууралуу айыл тургундарынын ватсап группаларына, жарыя такталарына маалымат таратылсын.
8. Жыйындар өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жабдуулар менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдун көзөмөлүмө калтырылсын.
Төрага | С. Осмонов |