Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-сентябры № 53
Бекмолдо айыл аймагынын Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директору Ч.Сатаевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагына караштуу Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин директору Ч.Сатаевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин башталгыч классынын капиталдык ремонтто иштери үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 284 779(эки жүз сексен төрт миң жети жүз жетимиш тогуз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Осмонов |