Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-сентябры № 52
Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын тургундарынын кайрылуусу менен Кара-Ой айылына “Байдылда Сарногоев атындагы Кара-Ой айылы”деп ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибине коюлган Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талас районунун Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылы “Байдылда Сарногоев атындагы Кара-Ой айылы” деп аталсын.
3.Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
4.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Осмонов |