Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-сентябры № 50
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын курулуп жаткан спорт комплексинин бүтпөй калган жумуштары үчүн 8 608 927(сегиз млн. алты жүз сегизмиң тогуз жүз жыйырма жети )сом, тегерегине тосмо кылуу үчүн 2 192 339(эки млн. бир жүз токсон эки миң үч жүз отуз тогуз) сом, жалпы 10 801 300(он млн. сегиз жүз бир миң үч жүз)сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Осмонов |