Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-сентябры № 43
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун
жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90-жылдык мааракесине арналган Республикалык денгээлде өтүүчү салтанаттуу маданий иш-чаранын “Акын жазуучулар сынагынын” байге фондусуна 500 000(беш жүз миң)сом, маданий иш-чараларына 500 000(беш жүз миң) сом, жалпы 1 000 000(бир млн.) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Осмонов |