Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк жаңгак шаардык кеңештин кезектеги VIII чакырылыштагы кезектеги XXII - cесcиясы
2022-жылдын 31 - октябры № 22/2
Көк-Жаңгак шаарындагы зоналдык коэффициентти бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл чыг. № 1-12/1053 кайрылуу каты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 26.10.2022-жылдагы № 01/1-32/3267 сандуу жана Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 26 - октябрындагы № 039/22/21-1-7/1006 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициенттке чейин өлчөмдө беките алат.
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл № 1-12/1053 кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициентке бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б. Замирбековго жүктөлсүн.
3. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов