Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-сентябры № 15-5
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылындагы жалпы аянты 50,00 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кара-Суу районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан даярдалган долбоорун карап чыгып , Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын Кара-Кысмак участкасынын № 1,2,5 чөйрө сызыгындагы 46,93га кайрак айдоо, №13,14,15,17 чөйрө сызыгындагы 3,07га жайыт, жалпы аянты 50,00га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты Д.Боронбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын Кара-Кысмак участкасынын № 1,2,5- чөйрө сызыгындагы 46,93га кайрак айдоо, №13,14,15,17 чөйрө сызыгындагы 3,07га жайыт, жалпы аянты 50,00га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш,энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Турдиев |