Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-сентябры № 15-6
Төлөйкөн айыл аймагынын жарандарына турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо программасы жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы жарандарды турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мазаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагындагы жарандарды турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш,энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Турдиев |
| Төлөйкөн айылдык кенешинин 29-сентябрь 2021-жылдагы кезектеги 15 сессиясынын №15-6 токтомуна тиркеме |
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагынын жарандарына турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча
ПРОГРАММАСЫ
№ | Программадагы иш-чаралар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар
|
1 | Төлөйкөн айыл аймагындагы турак жайга муктаж болгон тургундарынын муктаждыгын аныктоо жана тизмесин түзүү | Төлөйкөн айылдык аймагынын алдында түзүлгөн жер тилкелерин ин ажыратуу боюнча комиссиясы | 2021-жыл ичи | Төлөйкөн айыл аймагындагы турак жайга муктаж болгон атуулдардын тизмесин түзүү
|
2 | Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылында жайгашкан жеке менчик турак жайларды жана социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратуулучу жер аянтына башкы пландын долбоорун түзүү | Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиясы | 2021-жыл | Архитектуралык шаар куруу документтери менен камсыз болуу жана долбоорлоо жумуштарын аткарууга негиз түзүү
|
3 | Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиясынын протоколунун негизинде Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атуулдарына жеке менчик укугунда турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча токтом кабыл алуу | Төлөйкөн айыл өкмөтү | 2021-2022-жж |
Жеке менчик турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин алуучулардын жер тилкелерге ээлик кылуу укугу пайда болот.
|
4 | Башкы пландын негизинде жер тилкелерин жеринде жайгаштыруу, инженердик инфраструктураларды пландоо, обьектилерди инженердик-техникалык шарттары менен камсыз кылуу, долбоорлоо иштерин жүргүзүү, курулушка уруксат берүү жумуштарын уюштуруу | Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы | 2022-жыл | Турак жайларды социалдык маданий, коммуналдык обьектилерди инженердик-техникалык шарттар, дол кылуу жана курулуш иштерине негиз түзүү
|
5 | Жеке менчик турак жайларды жана башка обьектилерди куруу үчүн ажыратылган жер тилкелерине укуктук каттоо жүргүзүү жана мамлекеттик актыларды түзүү | “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу райондук филиалы | 2022-жыл | Жер тилкелерине ээ болгон атуулдардын ээлик кылуу укугун каттоо |
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: |
Х.Сулайманов |