Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13 - октябры № 44
Машина оңдоочу жай ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Мелисбек уулу Амантурдун машина оңдоочу жай ачуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1.Арыз ээсинин Б.Оторбаев көчөсүндө №69 үйүнө тиешелүү 3000 кв.м жер участогунун түштүк батыш тарабынан 200 кв.м жер участогуна машина оңдоочу жай ачууга уруксат берилсин.
2. Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан жерге укук берүүчү мамлекеттик акт берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Б.Самсиев