Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 - сентябры № 38
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү” №284 сандуу Жарлыгын карап жана талкуулап Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын жыйындары 2022-жылдын 15-октябрь күнү белгиленсин жана өткөрүү орду А.Нуржигитов менен А.Борбашов, А.Нуржигитов менен М.Кыдыралиев жана Б.Оторбаев менен С.Жаныбаев көчөлөрүнүн кесилиши аныкталсын.
3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын жалпы чогулушунан жалпы жобого ылайык 40 делегат бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын, жамааттардын жалпы чогулуштарынын графиги 2022-жылдын 15-октябрдан 17-октябрга чейин бекитилсин.
5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялар түзүлүп курамы 11 адам деп белгиленсин. 5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларына тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Б.Самсиев