Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 - августу № 35
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык багытын жогорулатуу боюнча жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу жөнүндө
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы Болотбек Үмөталиев атындагы спорт комплексине бөлүнгөн 3,5 га жердин чыгыш түндүк тарабынан бала-бакча куруу үчүн 0,50 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилүүчү жердин иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев