Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 августу № 34
Трансформаторду “Түндүк Электро” ачык акционердик коомунун Талас филиалына өткөрүп берүү жөнүндө
Трансформаторду “Түндүк Электро” ачык акционердик коомунун Талас филиалына өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айылынын Ж.Сулайманов көчөсүндө жайгашкан “Бермет апа” бала бакчанын электр көмөк чордонун “Түндүк Электро” ачык акционердик коомунун Талас филиалынын балансына бекер өткөрүлүп берилсин.
2.Трансформатордун документтерин “Түндүк Электро” ачык акционердик коомунун Талас филиалына даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу А.Кабыловага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Самсиев