Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 - августу № 33
Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын аймагынын чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17- бөлүгүнө ылайык, берилген иш кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2.Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Кара-Суу айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4.Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын укукктук ченемдик актыларына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев