Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19 - майы № 31
Кара-Суу айылынын тургуну Сулайманова Майрамбүнүн өзүнө тиешелүү участогунун 10 сотых жерине намазкана салуу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын Б.Оторбаев көчөсү №26 дарегиндеги 1000,0 кв.м жер участогуна намазкана курууга уруксат берилсин.
2.Талас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан намазкананын курулушу боюнча керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Кабыловага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев