Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19 - майы № 30
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынын чечими негизинде Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы Чоң-Чар, Кичи-Чар, Жылуу-Булак өзөндөрүнө, Кара-Жылга сайында жайгашкан чарбакка 2022-жылдын 25-августуна чейин мал жайыууга жана көчүп келүүгө тыюу салынсын.
2.Чоң-Чар, Кичи-Чар жана Жылуу-Булак өзөнү жаз, күз мал кыштоого калтырылсын.
3.Малчылардын сунушу боюнча Түз-Ашуу жайлоосунда жайгашкан Жылуу-Булак жана Кара-Жылга өзөндөрүнүн мерчендүү жеринен мал өтүп кетпеши үчүн тозот орнотулсун. 2022-жылдын август айында орнотуу иштери аткарылсын.
4.Өз билемдикке салып малы менен көчүп келген малчыларга малдын санына жараша айып пул салынсын (бир баш бодо мал 2 000 сом).
5.Малчыларды көчүрүп, жайгаштыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.
6.Токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Торага Б. Самсиев