Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19 - майы № 29
Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Өмүркул уулу Шеримкул сарай салуу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айылынын күнгөй беттеги Шөкүлө тоонун күн батыш тарабындагы 70-чөйрө сызыгында жайгашкан Сөгөт коктусундагы таш короонун ордуна сарай салууга 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2.Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев