Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19 - майы № 28
Түз-Ашуу жайлоосундагы кыркын сарайынын түндүк чыгыш тарабындагы жайгашкан эски Ак-Короо жерине сарай салуу жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Карабаев Бакытбек Сагынбековичтин асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү багытында сарай салуу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы кыркын сарайынын түндүк чыгыш тарабындагы жайгашкан эски Ак-Короо жерине сарай салууга 15000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев