Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19- майы № 25
Трансформатор орнотула турган жерди Талас облустук “Северэлектро” ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Трансформатор орнотула турган жерди Талас облустук “Северэлектро” ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айылдык аймагына караштуу А.Нуржигитов жана М.Кыдыралиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун түндүк батыш тарабындагы 9м2 жер участогун Талас Электр Тармактар ишканасына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2.Трансформатор орнотула турган жердин документтерин Талас облустук “Северэлектро” ишканасына даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис М.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Самсиев