Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19 – майы № 24
Балык багууга жер берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Сыдыков Исакжан Тургунбековичтин балык өстүрүү жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын күн батыш этегиндеги Талас дарыясынын түштүк тарабындагы 944-чөйрө сызыгында жайгашкан жерден балык багып өстүрүү максатында 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2.Жер участогун бөлүп берүү жана балык өстүрүү үчүн жердин ордун чектеп керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.Самсиев