Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26 – апрели № 22 а
Кара-Суу айылынын тургуну Суеркулова Оролкандын Кара-Суу айылынын МТФ участогундагы эски кампанын жанындагы 1,20 га жерди ижарага алуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айылындагы МТФ участогундагы эски кампанын жанындагы 1,20 га жер эч кимге таандык эмес болгондуктан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2.МТФ участогундагы эски кампанын жанындагы 1,20 га жердин гос актысын алып бүтүрүү жагы жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Кабыловага милдеттендирилсин.
3.Кара-Суу айылындагы МТФ участогундагы эски кампанын жанындагы жер муниципалдык менчик жер катары 1,20 га жер аянтын ижара шартында Суеркулова Оролканга 5 жылдык мөөнөткө 5000 сом менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
4.Кара-Суу айылына натыйжалуу долбоор келген учурда ижарага берилген 1,20 га жер тилкеси келишимдин бүтүү мөөнөтүнө карабастан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөрүлүп алынсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Самсиев