КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-апрели № 156 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарында азыркы учурдагы беш таймаш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Эл аралык азыркы учурдагы беш таймаш федерациясы тарабынан азыркыучурдагы беш таймаш боюнча Азия чемпионатын Кыргыз Республикасындаөткөрүү укугу берилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тик Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-апрелинен 2-майына чейин азыркыучурдагы беш таймаш боюнча Азия чемпионатын (мындан ары - Чемпионат)өткөрсүн. 2. Чемпионатка даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетитүзүлсүн жана тиркемеге ылайык анын курамы бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иш-тери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетининчектеринде Чемпионатты өткөрүүгө финансы каражаттарын өз убагындабөлүүнү карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чемпионат-тын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылсын. 5. Бишкек шаарынын мэриясына Чемпионатты өткөрүү алдында шаардынкөчөлөрүн (Чүй жана Манас проспектилери) Чемпионаттын символикасы баржарнак такталар менен тийиштүү түрдө кооздоо сунушталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети төмөнкүлөрдү кам-сыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн: - Чемпионат өтүүчү жана анын катышуучулары жашоочу жерлерде коом-дук тартипти сактоону; - Чемпионаттын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуумеймандардын коопсуздугун. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына Чемпио-натка даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн жүрүшүн кењири чагылдырып берүүнүкамсыздоо сунушталсын. 8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чемпионаткакелүүчү расмий адамдарды, курама командалардын мүчөлөрүн жана коштоочуадамдарды визалык колдоону камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Чем-пионаттын ачылыш салтанатына концерттик программа даярдасын. 10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Чем-пионатка катышуучу спорттук делегациялар үчүн республиканын жогоркуокуу жайларынын кызматкерлеринин жана студенттеринин ичинен волонтер-лорду жана котормочуларды камсыз кылсын. 11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги мелдештерди өткөрүү жана расмий адамдарды, курама командалардынмүчөлөрүн жана коштоочу адамдарды тосуп алуу жана узатуу убагындатейлөө үчүн зарыл сандагы транспорт менен камсыздоодо Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жанабалдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке көмөк көрсөтсүн. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 156 токтомуна тиркеме Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-апрелинен 2-майына чейин азыркы учурдагы беш таймаш боюнча Азия чемпионатка даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана бап- дарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ди- ректору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Саралинов М.Н. - Улуттук Олимпия комитетинин президенти, уюшту- руу комитетинин төрагасынын орун басары (макул- дашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри; Касенов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана бал- дарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ди- ректорунун орун басары; Исмаилов Т.Ш. - спорттук стенд клубунун директору (макулдашуу боюнча); Новиков В.В. - Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы беш тай- маш федерациясынын президенти (макулдашуу боюн- ча); Суванов С.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкар- малыгынын спорт комплексинин директору (макул- дашуу боюнча); Үсөнов Д.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпо- рациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов