Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-апрели № 20
Айыл аймагындагы ички арыктарга латок орнотуу долбоору жөнүндө
Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылда ирригация тармагында айыл аймагында ички арыктарга латок орнотуу жөнүндөгү долбоорду угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Жергетал айылдык кенеши токтом кылат:
1.Айыл аймагындагы ички арыктарга латок орнотуу жөнүндөгү долбоор жактырылсын.
2. Айыл аймагындагы ички арыктарга латок орнотуу жөнүндөгү долбоорго керектүү акча каражаты Талас райондук өнүүгү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Торага Ж. Молдояров