Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 16
Айыл аймагындагы БСРлерди, “Токтук арык”, Эски кайырма каналын жана “Кушчубай” арыкты муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылда ирригация тармагында долбоорлор ишке ашып жаткандыктан жана муниципалдык менчике алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун жетекчиликке алып , Депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк Кашат айылындагы Түлкү төбө участогундагы “Токтук” арык, БСР жана Кызылтуу айылындагы “Кушчубай” арык, Эски кайырма каналы жана БСР айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Талас райондук филиалынан жерге берүүчү күбөлүктү берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Торага Ж. Молдояров