Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30- марты № 14
Май куйуучу жай куруу үчүн жер участогун 49-жылдык мөөнөткөбекитип берүү жөнүндө
Турсунбеков Максат Урановичтин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын нормативдерин бекитүү жөнүндө” 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктун, 7-беренесинин 2 пунктун, 13-беренесинин 1,1 пунктун жетекчиликке алып, Депутаттардын Жергетал айыл кенеши токтом кылат:
1.Турсунбеков Максат Урановичке Көк Кашат айылынын күн чыгыш тарабындагы Талас-Суусамыр трассасынын он жагындагы Калбанын сайынын жанында жайгашкан №10 чөйрө сызыгындагы аянты 0,20 га жер участогундагы май куйуучу жай куруу үчүн 49-жылдык мөөнөткө бекитилип берилсин.
2. Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркына ылайык эсептөө жүргүзүлсүн.
3.”Кадастр” Талас райондук башкармалыгы тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жагы суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Торага Ж. Молдояров