Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 12
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым -жырымдардын өткөрүүнүн тартиби боюнча айыл аймагында иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым -жырымдардын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык айыл аймагында иштелип чыккан Жобону карап жана талкуулап, Депутаттардын Жергетал айыл кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым -жырымдардын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү иштелип чыккан Жобо бекитилсин.
2. Жобону бекитүү жөнүндөгү кенештин токтому сайттарга жарыялансын жана ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтоосуз тааныштырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Торага Ж. Молдояров