Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жыдын 22-марты № 11
Балык чарбасын куруу үчүн жер участогун 7-жылдык мөөнөткө
бекитип берүү жөнүндө
Кожокеев Айдар Кушбековичтин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын нормативдерин бекитүү жөнүндө” 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктун, 7-беренесинин 2 пунктун, 13-беренесинин 1,1 пунктун жетекчиликке алып, Депутаттардын Жергетал айыл кенеши токтом кылат:
1.Кожокеев Айдар Кушбековичке Көк Кашат айылындагы базанын артындагы №______ чөйрөсызыгындагы аянты 0,10 га жер участогундагы суу баскан жерлерин балык чарбасын уюштуруу үчүн 7 (жети) жылдык мөөнөткө бекитилип берилсин.
2. Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркына ылайык эсептөө жүргүзүлсүн.
3.”Кадастр” Талас райондук мекемеси тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жана Талас райондук, шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Торага Ж. Молдояров