Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-февралы № 5
Көк Кашат айылындагы Талас-Суусамыр трассасынын жээгинде жайгашкан “Базаны ” жана ага тиешелүү жер аянттарын муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун негиз кылып, Депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк Кашат айылындагы Талас-Суусамыр трассасынын жээгинде жайгашкан базанын имараттарын жана ага тиешелүү 0,25 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. ”Кадастр” Талас райондук мекемеси тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жана Талас райондук, шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Торага Ж. Молдояров